Лу Шүн — кытай адабиятынын корифейи

Азыр ааламга «кытай кереметин» жаратып жаткан Кытай Эл Республикасы туңгуйукта турганда, (鲁迅, Lǔ Xùn) караңгылыкка шамдай жанып, адабияттагы жалган мактоолорго, бийликке жагынуучулукка биринчилерден болуп каршы турган. Жаңы кытай адабиятынын негиздөөчүсү. Анын шедевр чыгармалары дээрлик дүйнөнүн бардык тилдерине которулган. Өз позициясында темирдей бекем эрк менен турган Лу Шүн адабияттын милдети элдин чыныгы жашоосун, анын жан-дүйнөсүн көркөм чагылдыруу экенин коомчулукка алып чыккандыгы үчүн ар кандай тоскоолдуктарга, куугунтукка дуушар болгон. Тагдыры бычак мизине коюлганда өзүнүн туулганда берилген ысмын бир нече жолу которууга мажбур […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ «Мен Алым байкенин метафораларынан корком» дейт

Китеп ыр, эссе, котормолордон турат. Китепти окуп жатканда бир жагымдуу жыт уруп турат. Ал — кыргыз жыты. Мен билгенден Алым байкеден өткөн окумал адам жоктур. Бирок ошолорго көмүлүп калбай, кыргызча кыйкырып жатпайбы. Өз кезегинде Чыңгыз атабыз да кыргызча чыңырып чыгып, алакандай кыргыз элине бүт дүйнөнү багындырып берген. Мен «Саманчынын жолун» айтып жатам. Согуштун бети жок экендигин ааламга ушу чыгармадай чыркырап далилдеп берген бир чыгарма дүйнөлүк адабиятта бар болду бекен!.. Алым байке да жыргалынан жыласы көп бул дүйнөнү кыргызга кыргызча түшүндүрүүгө […]

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ: Жаңы илимий ачылыш

Бул илимий ачылышты синология да, түркология да моюндабашы бештен белгилүү. Синология илими бүгүнкү күнгө чейин байыркы кытай тилинин семантикалык өзгөчөлүгүн аныктай албай келет, ал эми алтаистика илими алтай тил бүлөсүнөн ары өтө албайт. Протоалтай тилдери деген түшүнүк бар, бирок ага кайсы тилдер кирери алтаистика илиминде күмөн, алигиче тактала элек. Философ, жазуучу, тилчи Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ дүйнөлүк алтаистика илимине да, синология илимине да жаңы илимий ачылыш жасады. Дегеле дүйнөлүк илимдин тарыхында жаңы илимий ачылыштардын дароо кабылданышы кыйын. Өтө эле кыйын. Анткени мурда […]