Абдувахаб Мониев: Футбол – биримдиктин данакери

(Мелис Эшимкановдун элесине) 2019-жылдын январь айы кыргызстандыктарга накта футбол майрамын тартуулады. Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасынын БАЭде өткөн Азия кубогундагы оюндары элибиздин мурда-кийин сезилбеген ынтызарлыгын козгоду. Мамлекет намысы үчүн күрөшкөн улуттук кураманын оюндарына теледен жапырт үңүлүп, өз футболчуларыбызга күйөрман болуунун кумарын, ырахатын биринчи ирет татыгандай болдук. Кыргыздын көпчүлүгү футбол деген жөн гана спорттук оюн эместигин, ал —  ири мамлекеттик саясат, идеология, улуттук руханияттын бир салаасы экендигин аз да болсо сезип, туйгансыды. Мындан 31 жыл абалкы кез эске түшөт. 1988-жылдын […]