Грек эл жомогу: Гүл челекте өскөн кыз

Бар экен, жок экен бир аялы менен күйөсү жашаган экен. Аларда баары жакшы болгону менен бир гана балалуу боло алышпаптыр. Кайсы бир кечте аялы терең үшкүрүнүп: – Кудайым бизге бала бербесе да, жок дегенде эрмектеп бакканга гүл челеги менен гүл берип койсо боло,- деп оозун жыйганча терезеге бир кичинекей гүлү менен гүл челек туруп калат. Алгач чочуп кеткени менен аял таңгалып, анан кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Ошентип күндөр өтөт, жылдар жылат. Баягы табышмактуу жол менен пайда болгон гүл бапестелип багылгандыктан […]