Олжобай Бубатаев: «Жамийланы» кайрадан окуп чыкканда…

Ч. Айтматовтун 90 жылдыгына Мына алтымыш жашты аркалаарыма аз эле  калды. Өмүрүмдө көп эле чыгармаларды окудум. А бирок менин жан дүйнөмө жакындары, кайра-кайра окугандан тажабагандары эсептелүү гана. Алардын көч башында Ч. Айтматовтун «ОБОН» — «Жамийласы» турат. Алгач ирет окуганымда кадимки улуу талантка таандык чыгарма, Айтматов мына ушундай жазыш керек эле, ар бир окурман кудум мендей ырахат алыш керек дегендей ойдо калгам. Жакында кызымдын китеп текчесинен «Турар» басмасынан кыргыз жана орус тилдеринде 2008-жылы жарыкка чыккан «Жамийла— Джамийла» чыгармасына көзүм чалдыгып калды. […]