Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

ПОВЕСТЬ <<<<<<<<<<<Башы Кыязы, кыйкымчылдык анын кемчилиги сыяктуу. Жыйырма тогуз жаштагы жигит өзүнүн сойкуларды сатып мүлк топтогондон кийинки тажрыйбасына таянып журналистке айланган, жашоосунун акырына чейин президент болгон чоң атасынан айырмаланып төрт тил билип, эл аралык үч диплому бар эле. Директор тыкан, чырайлуу жана бейгам көрүнөт, келбетин бузуп турган жалгыз нерсе – үнүнөн билинип калган жалган ыргактар эле. Топчулугунда жандуу орхидея гүлдөрү бар спорттук күрмө кийиптир жана мунун баары денесине куп жарашып, үстүндөгү бир да кийим көчөдөгү жаан-чачынга эмес, бир гана анын […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

<<<<<<<<<<Башы ПОВЕСТЬ Ал жердеги бойдоктордун үлпөтү коомдук клубдагы кечелердин карама-каршысы эле. Бул эки башка дүйнөнүн кайсынысы мага жакынырак экени өзүмө эбак белгилүү болгон. “Кудайдын кудурети” аталган жайда өткөн үйлөнүү үлпөтүнүн алдындагы кече каалоодон өрттөнүп өлгүдөй болгон испан кечилинин гана башына келгидей шумдуктуу бузукулук менен бүттү. Бул эки дүйнөнүн карама-каршылыгы мага, мен алардын кайсынысына жакынырак экенимди аңдап-билүүмө жардам берди. Аялдар келинчектин баш кийими менен көйнөгүн кийишип, алардын ар бири менен никеге турууну талап кылышты. Алардын жыйырма экиси мага өз махабатын жана […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

<<<<<<<<<<Башы Саат он бирде жуунуучу бөлмөгө кирсем, кыз ал жакка кунарсыз кийимдерин үстөлгө тим эле кымбат кийимдей кылып илип коюптур. Секелектин кийимдери синтетикалык кездемеден тигилген көпөлөктөрү бар көйнөк, сары турсий жана такасыз жайкы бут кийим экен. Кийимдеринин үстүндө медальонго салынган арзан моюнга тагылуучу Ыйык Эненин келбети түшүрүлгөн ичке чынжырча менен билерик жатыптыр. Ошол эле жерде текчеде эрин боёгуч, эндик, ачкычтар жана майда тыйындар салынган баштыгы турат. Булардын баары эски, арзан жана көп урунган буюмдар болуп, мен мындай кедейликти атүгүл элестете […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Жалгыздыктын жүз жылы

РОМАН Арадан көп жылдар өткөн соң өлүм жазасына өкүм чыгарылган полковник Аурелиано Буэндиа дубалдын астында туруп, өзүнүн атылышын күтүп турганда атасы укмуштуудай муз бөлүгүн көрсөтүүгө алып барган ошол ыраакта калган күндү эстейт. Ал учурлар Макондо дегени кудум байыркы зор жандыктардын жумурткасын элестеткен аппак жана сыпсыйда акактай таштарга урулуп агуучу шар дарыянын боюндагы ылай шыбак менен шыбалган жыйырма чакты үйдөн турган чакан бир кыштакча эле. Дүйнө эми гана жүзүн ача баштаган, көп нерселердин аты жоктугунан, аларды түрдүү жаңсап көрсөтүшчү. Жыл сайын […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Сыйкырчы болсом, “Жалгыздыктын жүз жылы” романымды жок кылмакмын…

Габриэль Гарсиа Маркести окурманга тааныштырып отуруунун зарылдыгы жок. Колумбиялык улуу жазуучунун чыгармалары кырк жылдан бери дүйнө жүзү боюнча эң көп окулган китептерден. Жазуучунун атагын чыгарган “Жалгыздыктын жүз жылы” романы 1970-жылы орус тилине которулуп, Россияда басып чыгарылат. Маркес анын эң мыкты окурмандары дал ушул Россияда жашайт деген. Жазуучу СССРде акыркы жолу 1987-жылы болот. Дүйнөлүк новеллистиканын генийин Кремлде М.С. Горбачев тосуп алганы бар. Сиздерге сунуштап жаткан маек Россиянын “Развитие личности” журналынын 2004-жылдагы №4—санына жарыяланган. – Устатыңыз ким болгон? – Окутуучуларым деп менин […]