Халил Бапаев: «Узак учар»

АҢГЕМЕ Узак бүгүн боз торгойдон эрте туруп, помидорлорунун көчөттөрүн кандыра сугарды. Аралап жүрүп мөмөсүн көтөрө албай жыгылгандарынын жанына тыттын бутактуу ганын сайып жөлөдү. Кетенчиктей калып мөмөлөшүнө назар салды. Ар бир түбүндө алты-сегиздеп помидор жетилиптир. Сүйүнгөнүнөн көзү кыбыңдады. «Буюрса, түшүм жаман эмес»,— деди ичинен кымыңдаш… Аярлап басып, ояк-быягын жыйыштырып жүргөндө Айнаш жанына басып келди. — Бүгүн негедир уктай албадыңыз, эмне болду, өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүп?.. — Менин уктаган, уктабаганымды сурап эмне кыласың. Андан көрө айтчы, Айнаш, биерден канча тонна помидор алчудайбыз? […]