Дүйнөдөгү ыйык эсептелген жети шаар баяны

Мекке — мусулмандар үчүн өтө чоң мааниси бар Арабия шаары. Ислам ааламынын кыбыласы эсептелген, Азирети Ибрахим тарабынан курулган Кааба так ушул шаарда жайгашкан. Ислам дининдеги негизки аткарыла турчу беш шарттын бири ушул – Каабаны көрүү үчүн келип, ажылык милдет аткаруу. Умм аль-Кура же болбосо шаарлардын энеси деп аталат. Ар жылы Каабага келген элдин көптүгүнөн улам “ажылык туризм” деген сектордун пайда болушуна жол ачкан. 2. Ватикан – Италия өлкөсүнүн Рим шаарында жайгашкан дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет же тагыраагы: шаар деп атасак […]