Олжобай ШАКИР: Ач элдин чоң курсактарындай элдин акчасына жашагым келет

Ооба, бул менин окурмандарга ымандай сырым. Анан не кыл дейсиң, окурман? «РухЭш» сайты туруктуу окурмандарын тапканы менен туруктуу финансылык булак тапканы жок. Таппаса да өжөрлөндүк. Дагы да өжөрлөнө берербиз… Бирин-экин окурмандарыбыз жана авторлорубуздун колдоосу менен кыбырап келдик буга дейре. Муратыбыз – электрондук адабият менен эле чектелбей аудио, видео түрүндө да элибизге рухий азык берер көөнөргүс мурастарды жеткирсек дедик эле; келечек муун өз эне тилинде ою жетик, тили жатык тарбия-таалим алсын үчүн балдар адабиятын кеңири жайылтсак дейбиз; дегеле жалпы илим-билим, маданият, […]

СЮН-ЦЗЫ: Билимди өмүр бою алып, аны акыркы дем үзүлгөнгө чейин ула!

ДИЛАЗЫК Тоонун туу чокусуна чыкмайын, асмандын чексиз бийиктигин түшүнбөйсүң. Капчыгайдын уч-кыйрына көз чаптырганда гана кара жер кабат-кабат калың экенин аңдайсың. Ата-бабанын осуятын билмейин, илим-билимдин жолу оор экенин баалабайсың. * * * Иймеңдеген сөөлжандын курч тырмагы, курч тиши жок. Боюнда булчуң эт же бир сөөгү болсочу. Ошондо да ал жер үстүнөн азыгын таап жеп, жер астындагы сууну ичет. Себеби ал дайыма соймоңдогон кыймыл аракетте! Бөйөн болсо кыпчуурдай эки колдуу, сегиз буттуу. Сөөлжанга караганда бөйөндүн жөлөп-таянчу буттары, колу бар үчүн тынчы жок. […]

ЕВКЛИД

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек илимпозу Евклид болжол менен биздин заманга чейинки III кылымдын башында Александрия шаарында иштеген. Анын өмүрү жөнүндө маалыматтар өтө эле аз. Биз ал Архимедден мурда жашагандыгын, Платондун мектебинен окуганын жана Птолемей биринчинин замандашы болгондугун гана билебиз. Евклиддин негизги эмгеги – “Негиздер” (латынчасы – “Элементтер”). Ал 13 китептен турат. Алар белгилүү бир схема боюнча: адегенде аныктамалар, постулаттар, аксиомалар, анан теоремалар, алардын далилдөөлөрү берилген. 1-4-китептери планиметрияны камтып, тегиздиктеги фигуралардын, көп бурчтуктардын жана айлананын касиеттери каралат; 5-китебинде пропорциялар теориясы […]

Илимий конференция өтөт: «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду»

«Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2017-жылдын 12-майында Бишкек шаарында педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана «Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын, К.Д.Ушинский медалынын ээси, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар бирлигинин Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесине карата «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык […]