Ингуш эл жомогу: Карышкыр, түлкү жана короз

Токойдон түлкү, карышкыр, короз жолугат. Үчөө тең үй-жайсыз үчүн баш калка издеп жүрүшкөн экен. Түлкү айтат: — Үчөөбүздө тең үй жок болсо, келгиле, биригип конуш-жай курабыз. — А кантип курабыз? – дейт карышкыр менен короз. Түлкү түшүндүрүп баштайт: — Карышкыр отун ташыйт, мен от жагам, а короз күнүгө таңда кыйкырып турат. Анан адамдар түтүндү көрүп, короздун кыйкырганын уса, бизди жаңы конуш куруптур деп башташат. Карышкыр, короз буга макул болот. Эртеси карышкыр отунга жөнөйт, ал жокто түлкү корозго тап берип, куйругун […]

Ингуш эл жомогу: Соболго оролгон жооп

Бир айылда жеткен канкор, кан ичкич, ууру, ант урган, кыскасы, күнөөсү башынан ашкан бир киши жашаптыр. Бир иш менен айылдын чок ортосундагы аянтта айыл тургундары чогулган кезде, асмандан Жабраил аттуу периште түшүп минтип кайрылат элге: — Айылыңарда ниети арам бир пенде эркин-эмин жашап жүрөт. Мени силерге ошон үчүн жөнөтүштү. Анын айынан бир күнү кыштагыңар кыйрап жок болот. — Ушу кантип болсун! – чуру-чуу түшөт айылдыктар. – Ниети арам бирөө үчүн жашоосу тынч адамдардын бейпилдиги неге бузулушу керек? Биздин күнөөбүз кайсы? […]

Ингуш эл жомогу: Коён менен ташбака

Бир ирет токой аянтчасын кимибиз мурда айланып чыгабыз деп коён менен ташбака мелдеше кетет. Ташбака ордунан козголот, коён болсо: «Тезде, тезде, ташбака, барыбир мен сенден ашып кетем» деп бадал түбүндө кебелбей жатат. Бирок ал текеберсинип жатканда, ташбака кыбыраса да – токойду айланып чыгар болуп калган экен. Коёндун шаштысы кетип ташбаканын артынан тызылдап чуркайт. Жетпейт. Кеч болуп калыптыр. Болбосо коёндой күлүк жаныбар барбы, тек ал, жамбаштап жата берген – ташбакадан да артта каларын ойлогон эмес турат. Кептин баары сүттө Бир атчан […]

Ингуш эл жомогу: Байбиче менен токол

Бирөөнүн эки катыны болуптур дейт: бири картаң, бири жаш экен. Картаңы, өз күйөөсү салабаттуу картайып, өзүнө ылайыктуу болушун каалайт. А жаш токолу тескерисинче, күйөөсү өзүнө ылайыктуу – зыңкыйып жаш көрүнгөнүн каалайт. Байбичеси оңу келип калган учурда күйөөсүнүн буурул аралаган чачтарынын карасын түбүнөн жулса, жаш токол да андан калбай: буурул чачтын арасынан агала көрүнгөндөрүн түбүнөн жулганын койбойт. Мунун акыр аягы эмнеге алып келмек эле – ортодогу жалгыз эр тасырайган таз болуп тыныптыр… Ата-бала Карыя жана уулу, небереси болуп чөп чабууга жөнөшөт. […]

Ингуш эл жомогу: Табанек Цаген

Жамгыр катуу жаап келди. Молдо көчөдө жүгүрүп баратканын Цаген терезеден көрүп калды. – Ва, молдоке, эмне жаш баладан бетер чуркап баратасың? – деп кыйкырып калды ага. – Суу болбоюн деп жүгүрүп келатам! – молдонун жини келе түштү. – Сен элге өзүң айткан акылыңды унутуп калдыңбы? Жамгыр деген – кудайдын берген берекеси, Кудайдын берекеси менен жазасынан качса болобу, молдоке?! – Сенин айтканың туура, – деди да молдо акырын ары басып кетти. Үйүнө жеткенче сыгып алма суу болду. Дагы бир күнү жамгыр […]

Ингуш эл жомогу: Ашкананын ээси менен Цаген

Бир күнү Цаген бир жактан үйүнө келатып катуу жаанга кабылды. Жакын жердеги ашкананы көрө сала, жамгыр басылганча калкалана турайын деп кире калды. Ашканада жып-жылуу, даамдуу тамак жыттанып турду. Жаан басылып, Цаген чыкмак болгондо ашкананын ээси токтото калды: – Эмне акча төлөбөй кетип баратасың? – Эмне үчүн акча төлөшүм керек? – таң калды Цаген. – Кантип, эмнеге? – дейт кожоюн. – Сен тамактын жытын жыттаган жоксуңбу? – Жыттасам жыттагандырмын, бирок тамагыңды көргөн да, жеген да жокмун! – Баары бир жыттаганың үчүн […]