Видео: «Жибек Жолу» үй-бүлөлүк интерактивдүү көргөзмөcү ачылат

"Жибек Жолу" үй-бүлөлүк интерактивдүү көргөзмө 16 өлкө аркылуу өткөн улуу жол боюнча интерактивдүү саякат. 5-28 апрелдерде Г.Айтиев атындагы музейде болот. Опубликовано Кыргыз маданият борбору Среда, 3 апреля 2019 г.

Бишкекте «Жибек Жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын  5-28-апрелинде Г.Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө  көрүүчүлөрдүн баарына  арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы  өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды  берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар жана элдер ортосундагы урмат-сыйды, достукту бекемдеп, соода-сатыктын жана туризмдин өнүгүшүн камсыздайт. Кыргызстан — Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери өлкөбүздүн Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң […]