АША бийлиги компартия кейпин кийгизгени калды

Культ личностко шыдыр жол! Бир кездеги улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин  «Ак жол» партиясы азыркы парламенттин алдында шоона эшпей калды. Устаттан шакирт өтө турганы мына, улуу урматтуу Алмазбек Шаршеновичтин КСДП акалакчылары акүйдүн 7-кабатынын мукмасалын илгиртпей аткарган жагынан идиректүү чыгышты. Баарын ишке ашырып берип атышат. Моюн толгоосуз. Бийликтин баардык түзүмдөрү түзөнүп, бир гана кишинин чечимине чечекейлери кадалып калганы ушул. Азыр «Кыргызстан парламенттик башкаруу жолунда» деген сөз оозуңуздан айлансын. Парламентти шал кылып тындырыш үчүн саясый «монстр» – Текебаев гана камалыш керек болчу. Камашты. […]