Айтматов сыйлыгын алууда жаштардын көз боёмочулугу барбы?

Чыңгыз Айтматов атындагы 35 жашка чейинки Мамлекеттик жаштар сыйлыгын аныктаган “Адабияттагы мыкты чыгарма” аттуу номинация бар. Аталган номинация ар эки жыл сайын берилип келет. Жеңүүчүлөрүнө 100 миң сом жана диплом, төш белги ыйгарылат. Бирок анын айланасындагы көзбоёмочулуктарга нааразы болгон айрым жаштар “РухЭш” сайтына атайы кат жолдоптур. Бир эмес эки калемгер удаа жөнөткөн каттан улам, жаш калемгерлер арасындагы тоголок арыздардын айланасында, о.э. быйылкы жылдагы Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын айланасында уу-дуу кептер арбычудай болуп туру. Негизинен кыргыз акын-жазуучулары арасында илгертен келген тоголок […]