Акаев, Бакиев жана Атамбаев түзгөн бийлик түзүмдөрүнүн ички табигаты окшош

Экс-Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары ишмерлигине жана анын натыйжаларына саясий баа берүү жөнүндө «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу Бишкекте өткөн Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайыда жасаган Эмилбек Каптагаевдин БАЯНДАМАСЫ Бишкек шаары, 2018-жылдын 24-ноябры Арыбаңыздар Ардактуу Мекендештер! Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет аталганына 27 жыл толуп жыйырма сегизинчи жыл  кетип бара жатат. Бул мезгил биз үчүн оор сыноолордун жана жан кейиткен жоготуулардын жылдары, жаркын келечек үчүн көптөгөн мекендештерибиз  куугунтукка туш болуп, түрмөлөргө камалып, а түгүл 2002-жылы Аксы окуясында,  2010-жылы […]