Италия эл жомогу: Королдун туткундары

Король боюнча сөз болуп калды эле, эмесе дагы бир король жөнүндө жомок угуп койгула. Илгери Италияда кандай болгонун билесиӊерби: кайда барсаң король, майда мамлекеттерге бөлүнгөн, бир шаарда бир король, башкасында экинчи король. Ушундай бир өлкөдө карт король өлүп, ордуна анын уулу таажы кийип, король болуп калат. Ал алгачкы башкаруусун эл-жерин кыдырып көрүүдөн баштады. Башкы кеӊешчи менен министрлеринин коштоосунда ак боз атты минин өз өлкөсүн айланып чыкты, түшкө жакын чыккан король, күн батканча кыдырып бүтүп, кайра келип калды, кудай жалгап анын […]

Италия эл жомогу: Гандзирри көлү

Мессина жерине бир бай келиптир. Ал ушунчалык бай экен, өзүнүн канча байлыгы бар экенин да билбептир. Ал жерден Гандзирри көлүнө сейилдеп чыгат да анын сулуулугуна өтө суктанып, жактырып калат. Эми байлардын бирдемеге кызыкса  аны сатып алгысы келген жаман адаттары бар эмеспи. Сураштыра баштайт: — Бул көл кимдики? — Королдуку да, — деп жооп беришет ага. Бай түз эле королго барат. — Улуу урматтуум, көлүӊүздү мага сатпайсызбы? — Эмнеге сатпайм! – дейт король. – Баасы келишсе сатпагандачы, сатам. — Канчага баалайсыз? […]