Алты бир тууган

Итальян жомогу Бирөөнүн алты баласы болуптур. Бешөөсү кем акыл, бирөөсү жинди экен. Мындайга ата кургур кайгырбай коймокпу. Бир күнү ал уулдарына айтат: – Шаарга барып өзүңөргө жакка буюм сатып алгыла. Бир туугандар шаңыраңдап шаарга жөнөйт. Дүкөнгө киришет. Соода кылышат. Беш кем акылы түтүгү жок мылтык алса, жиндиси түтүгү туюк мылтык алат. Мылтыктарын ийинге илет да, жол тартышат кайра. Окус эле кайдан-жайдан алты коён капыл-тапыл чыга калат. Беш коёндун кулагы тикчийет, а бирөөсү шалпаң кулак экен. Киши караанын көргөн коёндор дыр […]

Эс эңгиреткен чөп

Итальян жомогу Караңгы кирип, жолдо сандалган соодагер жакын жердеги айылдын тратториясына[1] бурулат. Соодагер товар ташыган сандыгын бурчка коюп, кожейкесине тамак ырастоону буюрат. Кожейке чочконун майына жумуртканы куурумак болуп кухняга жөнөйт. Очокко от тамызат. Ой-санаасы удургуйт: «Мунун сандыгынын ичинде не балээ бар?» Жумурткалар чырылдап куурулуп атат, куураган кожейке болсо өзүнчө күбүрөнөт: «Соодагер сандыгын бурчка койгондо – пол титиреди го, чиркин. Ичинде тири укмуштар толо окшойт». Бышкан жумуртканы соодагердин алдына жылдырат да, көздөрү сандыктан өтөт. «Бу сандыктын ичи толо береке окшойт! Бири […]

Королдун туткундары

Италиян жомогу Качандыр бир заманда Италияда шаар жок болсо деле королдук, королдук болбосо деле король сөөлөтү болуптур. Ошондой шаардын биринде картаң король көз жумат да, анын таажысы уулуна кийгизилет. Жаш король ишти адегенде эле өз ээлигиндегинин баарынын эсеп-кысабын алуудан баштайт. Аны биринчи министр менен башкы кеңешчи коштоп, ак куласын алчыңдата теминип өлкөсүн кыдырса, кыйратчу деле дөөлөтү жок экен. Жарым күн кыдырды. Күн уясына оогонго жетпей эле сепилине[1] кайтты. Жаш король анан тагына отуруп, собол узатты: – Баарын кыдырып бүтүп койдукпу? […]