Жалалиддин РУМИ: Ити ачкадан өлүп жаткан бедуин жөнүндө аңгеме

Бир бедуин[1] итин бекем кучактап, Ыйлап жатты, жашын төгүп бышактап. «Мынча неге жашың төктүң итиңе?» Суроо салса жолоочу ал кишиге. Жооп берет: «Өлүп барат, аяп жатам байкушту, Ак кызматын кылчу билбей жай-кышты. Аңга чыксам каз өрдөктү сүрчү эле, Короочу эле, түнү тынбай үрчү эле». «Оорудубу же сындыбы бир жери? Очорулат дарты балким белдеби?» «Жок, жолоочум себеби анын башкадан, Кайран итим өлүп барат ачкадан». «Бул жалгандын жок турбайбы тогосу, Сабыр кыл», — деп кайрат айтат жолоочу. «Колдон түшпөй буулган кабың жаныңда, […]