Иван Тургенев: Каргыш (конкурска №55)

АҢГЕМЕ Мен Байрондун “Манфредин” окуп олтурган элем… Манфреддин колунан өлүм тапкан аялдын арбагы ага керемет сырдуу каргыш айтып жаткан жерге келгенимде мен дирилдей түштүм. “Күн күлкү, түн уйку көрбөй кал, менин арбагым күнү-түнү жаныңа жай бербей сенин түбөлүк тозогуңа айлансын”… Эсиңиздеби? Ошондо дагы бир башка окуя эсиме түштү. Бир жолу Россияда, ата-бала дыйкандардын ортосундагы өтө чоң катуу чатакка күбө болгон учурум болгон эле. Акырында баласы атасын катуу кордогонго чейин жетет. — Аны каргап сал, Васильич, каргыш айт ага! – деп […]