Кыргыз жомогу: Миңбай менен Жүзбай

Бар экең, жок экен, Миңбай менен Жүзбай деген болгон экен. Миңбайдын миң кою, бир баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы болот. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду эртеден түшкө чейин кырат. Бала ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп, баласын ойготту: — Кокуй, куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби! Миңбайдын баласы тура калып жаакка бир салат. — Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби? Менин миң […]

«Улуу тоолор» китеп борборунан издегениңди тап!

Урматтуу китеп күйөрмандары, эгер кыргыз тилиндеги кызыктуу адабияттарды таппай жүргөн болсоңуз «Улуу тоолор» басмасынын китеп дүкөнүнө телефон чалыңыздар. Керектүү китептерди 0772 347 028 жана 0705 347 028 номуруна чалып таап алсаңыздар болот!