Каныбек Осмоналиев элге керектүү эмгек жаратты

Оболу «Илим жана турмуш» түшүнүгүнө ой калчасак, окурман. Атам замандан бери каймактаган кара жер балбандын сыры, аалам ачкычы адам колуна кантип тийип калган? Ийе, тоба, адам мээси ачылыш жасабаган не калбады?.. Дагы даркан не шумдук, не ачылыштар болор?.. Ошол ачылыштардын ачкычын миллиондогон, миллиарддаган адамдардын арасынан чанда бир эле пенде таап чыгып, жалпы адамзат энчисине ме деп ыйгарып салганычы… Илим турмушка айланганы шол экен го. Сөз тизгинин шул жерден эле чукулдан кайрыйын энди. Шарт кайрыйын тизгинди. Болбосо илим жана турмуш жөнүндө […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Алым – кезең

1. Алым — кезең  2. Орус Алым 3. Жабыктагы ойлор Арийне, жаңычылдык жакшы. Ансыз изденүү жок, алдыга жылуу жок. Эпигондуктан кутулуу жок. Бирок жөпжөнөкөй бир чындыктан да кутулуу жок: бардык башмалдак аткан изденүүңдүн жалгыз баасы – поэзия! Ушуну сактап бер, болду. Уитменче жайыласыңбы, Рамисче куюгасыңбы, Верленче ыргаласыңбы, Шаршенче жыргаласыңбы, өз эркиң, сенин ишиң — акыры поэзияны сактап бер! Жалгыз критерий ушул! Эмесе, батыш-орус кыйырын кезген, “кысылган текст, бузулган ыргак, сындырык сап, тоңдурук уйкаш Алымды” так ушул коркунучтун баары туш-туштан тооруп, […]

Сулaймaн КAЙЫПOВ: Түрк тилиндеги фольклордук тексттерди кыргызчага которуунун маселелери

Көп тилдүү дүйнөдө жашоонун өзү тилдер аралык байланыштардын өнүгүшүн, анын ар кыл формада жана деңгээлде ишке ашырылышын шарттайт. Aзыркы учурдaгы цивилизaциялaр, өлкөлөр, улуттaр aрaсы мaмилeлeрдин күч aлышы, улуттук мaртaбaгa ээ бoлгoн тилдeрдин улaм өөрчүп-өнүгүп бaрaтышы, кaлктaрдын, өлкөлөрдүн бири-бири мeнeн бoлгoн көп кырдуу кaрым-кaтнaшынын турмуштук зaрылдыккa aйлaнышы мaaлымaттaрды тилдeн тилгe кoтoруу өнөрүнүн мaaнисин күндөн күнгө aрттыруудa. Кийинки убaктaрдa кoтoрмoнун түрлөрү, aнын чeбeрчилик мaсeлeлeри жaнa эл aрaлык мaмилeлeрдeги aткaргaн милдeти көбүрөөк сөз бoлуп, oлуттуу изилдөөлөрдүн бутaсынa aйлaнды. Кoтoрмo тeoриясы мeнeн прaктикaсындa ooзeки […]

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: Тириликти жылыткан эне жүрөк

* * * Эски сүйүүм, карабачы муңайым, Сен сүйлөчү жүрөк менен угайын. Жашоо үчүн жылмайганым болбосо, Билсең мен да тартып жүрөм убайым. Билбейм эми, от ырларды жазамбы… Турмуш чындап алды биртоп мазамды. Бирок билчи, сени ойлосом тазарам, Жакшы сүйүү жакшы сактайт адамды. Канча издедим мээримиңди бөлөктөн, Барар элем азабыңа жөнөтсөң. Калды жаштык, калды аттиң баардыгы, Арман болуп ак бетиңде мен өпкөн. Сүйүүм кошо сүрдөчү эле калдаңдап. Кайда эркем ошол сага жазган кат. Турна мойнуң тээ алыстан көрүнүп, Турар элең көңүлүмө […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Омор Султанов ким?

ТУБАСА ПРОЛОГ Адегенде эле түз, «алагушту атынан чакырып» айтыш керек: Омор Султанов кыргыз улуттук кыртышынан өнүп чыккан нукура акын; ушул эле учурда чыгармаларынын баасы-баркы дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүп баалана турган эл аралык масштабдагы чоӊ акын.  Бир сөз менен айтканда – классик. Улуттук поэзиянын соӊку классиги. «Соӊку» демекчи, совет заманынан берки жазма адабиятыбызды белгилүү мезгилдик мерчемдеринде карай келсек, «классик» деген критерийге толук жооп берген саналуу гана акындар калат. Алар жазма адабиятыбыздын телчигип калыптануу кезеӊинин ири өкүлү, фольклордон жаңы поэзияга  салынган […]