Абдыкерим МУРАТОВ: Арзымат деген болгонбу?

Токтогулдун акын катары таанылышында анын Арзымат менен айтышуусу өзгөчө белгиленип келет. Соңку учурда бул адамды да болгон эмес, жөн гана Токтогулдун образын түзүү үчүн ойдон чыгарылган каарман болсо керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Интернет желелери аркылуу таралган бир пикир: «Социализм идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалга, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр […]

Кыргыз тарыхый романдарындагы типтүүлүк: эпикалык салт жана мотивдер (уландысы)

БАШКЫ БӨЛҮГҮ Ордо оюну Ордо оюну кыргыз элинин жоокерлик турмушунан келип чыккан, кийинки урпакты согуш өнөрүнө машыктыруунун каражаты катары калыптанган. Ордонун тегерек айлампа сызыгы – чек ара, дал ортосу – туу түбү, айлампанын ичиндеги чүкөлөр – кол (аскер), ортодо тегереги курчалган чүкө — хан. Демек, ордо кыргыз элинин түшүнүгүндө байыртан саясый мааниге ээ. Анткени беттешкен эки жаат тууну коргоо үчүн күрөшөт. Ордонун ушул маанисине ылайык, тарыхый романдарда саясый оюндардын көркөм чагылышы катары ордо оюну сүрөттөлөт. Ордо оюнунда инсандардын өз ара […]

Аман САСПАЕВ: Бүгүнкү кытай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө

Элүүнчү жылдары Үрүмчүдөгү «Эл басмасында» бирге иштешкен уйгур жолдошторум «Кызыл-Суу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» деген кытай тилинде бир китеп жиберишиптир. Китеп 1985-жылы жарык көргөн. Окуп көрсөм, кытай авторлору кыргыз областынын боштондуктан кийинки жалпы абалына кеңири токтолуп, кыргыздардын байыркы тарыхына да бир аз орун беришиптир. Байыркы кытай жылнаамаларына (летопистерине) таянып, кыргыздар жөнүндө эмнелер айтылгандыгына кызыгуучу окурмандар үчүн кыргыз тарыхына тиешелүү тексттерди которуп жарыялоону ылайык таптым. Байыркы гунндар менен түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын тарыхын изилдөөчү окумуштуулардан кытай булактарына кайрылбаганы жокко эсе. […]