Мухаммед пайгамбар кыбыла тутуп, 17 ай намаз окуган Кудус шаардын баяны

Кудус шаары кимдер тарабынан канчанчы кылымда пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок Нух пайгамбардын небереси Хамдын уулу Кенандын урпактары курдурганы баяндалат. 3000 жылдык тарыхы бар Кудус шаары дүйнөдөгү үч динди карманган адамдар үчүн ыйык саналат. Жөөттөр Азирети Сулайман сыйынган батыш тараптагы дубалдын калдыктарынан калган “Ыйлоо дубалын” ыйык эсептешип, ошол жерде дубасын окуп, ыйлашат. Ал эми христиандар Иса пайгамбар болжолдуу түрдө көмүлгөн жерге тургузулган чиркөөгө (храм Воскресения Христова) сыйынып келишет. Мухаммед пайгамбар Миражга көтөрүлгөн жер Эль-Акса мечити болгон. Ошондуктан мусулмандар […]