Бурул КАЛЧАБАЕВА: Шер ше ля фам (пьеса)

(МЕН ЖАЗГА КЕТКИМ КЕЛЕТ…) Эки бөлүмдүү турмуштук драма КАТЫШУУЧУЛАР: Калыс      – Айсалкын   – Жибек   – Жибектин апасы – Жибектин эжеси– Жардамчы (менеджер)– Жибектин классташы– Окуя биздин күндөрдө өтөт. БИРИНЧИ  БӨЛҮМ 1-көрүнүш Сахна бош. Сыртта машинанын токтогону угулат. Эшиктин ачылып-жабылганы, бир аздан кийин колуна желим чака көтөргөн 48-50 жаштардагы эркек чыгат. Чачын ак аралаган, узун бойлуу жылдыздуу адам. Баскан, турганы жеңил. Үстүндө  спорттук костюм. Бул – Калыс. Өзүнө жини ушунча келгендиктен туттугуп, аттап-буттап тааладагы арыктан суу издеп жүрөт. Бир аздан кийин […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Экзистенционалдык саптарда жашаган Тургунбай Эргешовдун акындык тагдырына ой-сереп (2-макала)

Тургунбай Эргешовдун 70 жылдыгына карата  Тагдыр концептин изилдөөчү М.Эпштейн[1] адамдын өмүрүндө болуучу окуяларды үчкө бөлөт: адам тагдырга таасир этүүчү кыймыл-аракетти өзү жасайт – кыймыл-аракеттин, кырдаалдын субъекти; адам тагдырга таасир этүүчү окуяга кабылат (каш-кабактын ортосунда пайда болгон кырсык, күтүлбөгөн утушка ээ болуу же утулуу, күтпөгөн жерден дөөлөткө ээ болуу же орду толгус жоготууга учуроо, кокустан жолугушуу, ооруга чалдыгуу ж.б.) – түзүлгөн кырдаалдын объекти; адам окуянын субъектиси да эмес, объектиси да эмес, болмуш кайсы бир мыйзам ченемге ылайык өзүнөн-өзү жаралат, адам ага […]

Кадыр КОШАЛИЕВ: Билим берүүнү соодага айлантпайлы

Билим – түндө маңдайыңда шам чырак, өмүрүңдө жол көрсөтүп жаркырап» Жусуп Баласагын Илим-билимге умтулуу касиети кыргыздын канында, менталитетинде бар. Кыргызстандын билим берүү системасында дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар эске алынуу менен этнопедагогиканын, нукура элдик тарбиянын табылгаларын эриш-аркак жүргүзүүгө өтүшүбүз зарыл. Албетте, коомдо билимдүү, илимдүү адамдардын бедели бийиктеп, билими күчтүүлөр татыктуу ордун тапмайынча, мамлекет иш жүзүндө билим-таалим иштерин жогору коймоюнча бул тармак жемиштүү иштей албайт. Бул узак убакты, көп каржыны, саясый эркти талап кылган орчундуу маселе. Улуттук идеологиянын нугунда (башка өлкөлөрдү ээрчий бербей) билим-тарбия ишин […]

Дилазык: Биздин балалык

ПРИТЧА Шаарда абыдан акылдуу башкаруучу болгон экен. Ага кайрылгандар сөзсүз жакшы жыйынтык менен кайтышчу дейт. Бир күнү өтүкчүнүн аялы келип наалып кирет: — Күйөөм аз акча табат, үч баланы багуу азап болду. Кыйналып кеттим, бир мүнөт жок тыным алганга. — А сенин кошуналарың барбы? — Ооба, беш кошунам бар. Акылман кошунасын чакыртып анын жашоосу тууралуу сурап кирди. Ал кедей бычмачынын аялы болсо да жашоосуна нааразы болбостон, балдарын мактап кирди: — Кедейдин байлыгы – балдары. Бирөөсү мени кучактайт, экинчиси ырдап берет, […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Айгыр согуш

АҢГЕМЕ  Айылдын аягында жашагандыктан, аңызга түшкөн үйүр-үйүр жылкыларды бири-бирине кошуп жибермей “эрмегибиз” бар эле. Жайлоодон жаңы түшүп семиздигинен кутуруп турган айгырлар тытышып жатып калат. Кызыгыбыз ошол. Жылкы баласы — малдын асылы. Кээ бир айгырлар канча кошсоң да бир кишенеп бээлерин чогултуп бизге жеткирбей кетет. “Мал аласы — сыртында, адам аласы – ичинде” демекчи, кай бири бээсин тарттырганына арданып, кызыл-жаян кан болуп согушат. Анан жашыраак айгырларды үйүр басып калган карт айгырлар татырактата кубалап жиберип, үйүрүн тартып алат. Кээде жаш айгырлар жаштыгына […]

Айзада АБАЗОВА: Адашкан каркыра

(мини роман) 1-глава Таанышуу Кыз орто мектепти бүтүрүү классында окуп жаткан. Сезими жаш талдай дирилдеп турган учуру. Ошондой учурда ал бирөөгө жолукту. Мектептин чоң тыныгуусунда эшикке чыгышкан эле. Жигит аны обочорокто карап турган экен. Кыз караганда көздөр кездеше түштү. — Сиз кимсиз? — деди кыздын көзү. — Мен ошолмун, — жигит да көзү менен жооп берди. — Түшүндүм,- деди жооп көз караш. Жигит ыраазы боло жылмайды. Кыз өз оюн көзү менен окутуп койгонун сезип уяла түштү да, бурулуп басып кетти. […]

Эрди-катын үчүн бактылуулуктун сыры эмнеге?

ДИЛАЗЫК  Акыр аягы кашкайган чындыкка жеткен бир адам миң адамга да моюн бербейт. * * * Динди негиздеген адамдардын баары азилге түшүнбөгөн жандар болгон. Роберт ИНГЕРСОЛЛ (1833-1899), америка жазуучусу жана юрист Улуу адамдын улуулугу майда-чүйдө адамдарга жасаган мамилесинен билинет. * * * Жаңы пикирлерди жараткан ой – азчылык чөйрөдө жүргөн бир адамдын эле оозунан чыгат. * * * Тажрыйбадан өткөн мугалим жок, болгону ага төлөнчү акы кымбат. * * * Талаш-тартыш учурунда ачууга алдырдың дегиче бүттү. Сен анда чыркыраган чындыкты […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Ашмалтай

АҢГЕМЕ – Мына сага милиция, мына сага, жүзү кара, мен өзүм сага милициямын, чык үйдөн шерменде, арам тамак бетпак! Энең экөөң тең жогол көзүмө көрүнбөй, өлтүрүп сала электе жоголгула! Тепкинин запкысынан эмес, ызадан ууккан кыз жылаңаяк, жылаңбаш көчөгө чуркап чыкты. Боздогон бойдон апасы артынан жөнөдү. Кардуу бороондо карааны көзгө илээшпей «кызым, кызым!» деген энесинин үзүл-кесил үнү ээликкен кыздын демин зорго басты. Экөө машинелер токтогон жайдан жолугушту: – Апа, мен үйгө барбайм, сен бара бер, – деди кызынын тиши тишине тийбей, […]

Айзада АБАЗОВА: Кичинекей үйдөгү чоң бакыт

АҢГЕМЕ Бул окуя күтпөгөн жерден болду. Айжан күйөөсү менен таарынышып, кызы менен баласын алып айылдагы үйүнө барган. Ата-энесин капа кылбаш үчүн балдары жайкы каникул учурунда отпускага келдик деп коюшту. Бирок эне жүрөгү аны сездиби, улам сурай берди. Ага Айжан да моюн бербей, «күйөө баланын иштери жакшы, кошо келүүгө жумуштары чыгып, бошой албады» деп жооп берип атты. Анткен менен мунусу эч нерсеге арзыбай калды. Балдары заматта «атам менен апам урушуп, биз уруксат сурабай качып келе бердик, апам бир аз атаңардан эс […]

Адеп аңгемелери: кыз балага мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Илгери бир ашкан зор өнөрлүү уста кызын күйөөгө узатыптыр. Угушунча күйөө бала да өзүндөй өнөрлүү экен, өнөрлүү болбой жерге кирсин: келинчегинин – устанын кызынын башына күндө бирден жумуртка коюп, ошону атып, өз өнөрүн – мергендигин сынайт экен. Кайсыл убакта мындай өнөр сыноо болорун билген уста-ата ошол убактысын билип, кызыныкына шап кирип барат. Барса, эл айткандай эле, кызынын башында жумуртка, өңү купкуу. Ачуусу келген ата күйөө баласына катуу буйруп, чачын жибиттирет да, жибиген […]