Олжобай Шакир: Көк чай

Ордолуу Оштун Сулайман-Тоосунда чоор сыбызгытып тургандагыбыз… АҢГЕМЕ – Ах-ух-ах… Вай жыргал, жыргал! Вах-вах-вах! Чап, чап дагы. Ой өркөнүң өссүн! – мончонун буусуна моокуму кана ыракаттанган Айып жонуна шыпыргы чабылган сайын алкай берди кичипейил бозуланды. Тердеп-кургап чаап атат бозулан ансайын. – Жыргатпадыңбы тим эле. Өмүрлүү бол, ананайын. Ысык буудан чыгып, муздак сууга чайкады боюн. Бассейнге секирди. – У-ау, жашоо керемет. Уу-ху-ху, – муздак бассейнге дельфинден бетер сүңгүп сүздү. Башы суудан чыккан сайын анын «Уу-ху-ху!» дегени мончону жаңыртып, муздак суудан ичиркенип отургандардын […]