Рысбай Исаков: Күтүү күүсү

 Кудай аткыр! Кайра баштан күчөгүр, Куйкалангыр! Уйпалангыр! Түтөгүр! Күтүү болуп жүрөгүмдүн дабышы, Күтүү болуп анын ар бир кагышы, Күтүү… Күтүү… Күтүү болду бүт өмүр!… … Калат түндүн коюнунда жансыздык, Кайгы менен турмуш отун жангыздык. Жомок күндөр алыс кетип жолобой, Жолдош болгон азыр мага жалгыздык. Жылаажындай үнүң – тоонун булагы, Жылмайганың – жашчылыктын кумары. Алыс күндө калып кеткен элесиң, Айгай салган добушумду угабы? Жайкалганың – жайлоонун жаш тулаңы, Жараткандын жазмышыбы бу дагы? Жарашыгы укмуш болуп сен барда, Жаштыгымдын арта түшчү ыраңы… […]