Ак үй, көк үйдө эл үнүн эшиткен жан жокпу?!

Коңшу Тажикстандын Жерге-Тал районундагы боордошторубузга өз ыктыярыбыз менен элден топтогон 1,5 тоннага чукул китепти жеткирип келген далалатыбызга туура бир ай өттү. Тилекке каршы, бир айдан бери ошол жүк Тажикстандын чегарасынан ары өткөрүлбөй жатканы Кыргыз бийлигин тынчсыздандырбаганы таң калтырат. Андан бери жаза берип калемибиз жешилди, какшай берип тилибиз тешилди! «Азаттык» радиосунун сайтына «Жерге-Талга китебибиз жетпей калды» деп белгилүү публицист Жолдош Турдубаев, «РухЭш» сайтына мен «Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал» аттуу көлөмдүү макалаларды жаздык, социалдык тармактар аркылуу да кенен айтылды, ЭлТР каналы толук чагылдырды, […]