Франц КАФКА: Чака мингенде

АҢГЕМЕ Көмүр түгөндү; чака бошоду, калак пайдасы жок жатат; меш оозунан муздак аба бүркүп, бөлмө сөөгүнө чейин тоңгон, терезенин түбүндө кыроо баскан дарактар кыймылсыз тоңуп турат; асман – жардам сурап кайрылгандарга каршы көтөрүлгөн зор күмүш калкандай калдаят. Көмүр табыш керек; биротоло тоңуп өлмөк белем! Арт жагымда – аёну билбеген меш, асты жагымда – ошондой эле боору таш асман; экөөнүн ортосунан шырп алдырбай өтүп барып, көмүрчүдөн жардам суроого туура келет. Бирок адаттагыдай сурап барсам бербеси бышык, ага кандай болсо да салмактуу […]