Калила жана Димна (10-11-12-13-14-15-бөлүм)

<<<<<<<<<<<<Башы ОНУНЧУ БӨЛҮМ Падыша Байдабага: — Ммм, жакшы экен. Анда мага өкүмдар өзүнүн салтанатын, дөөлөтүн кантип сактайт, коргойт, ушул тууралуу кеп кылып бер. Кандайча ар бир иш ийкемдүүлүк, тайманбастык, марттык жана адамгерчилик менен оңунан чыгаарын айтып бер. — Падыша дөөлөтүн, мамлекетин, ээлигин бекемдеп, жакшылап коргошу үчүн, эң алгач ийкемдүү болушу керек. Эми угуп туруңуз… ПАДЫША, КАНЫШАСЫ ЖАНА ВАЗИР Кайсы бир убактарда Билаз деген өкүмдар жашаптыр. Ильяз аттуу вазири бар экен. Вазир динге катуу баа берген, анын шарттарын толук аткарып, ибадатын […]