Караламан калктын аң-сезими калаксыз кайыктай

«Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот» Төлөгөн КАРЫКЕЕВ Биз, атеистик тарбия алган Советтер Союзунун балдары Ленин деген ысымды Кудайыбыздай көрүп чоңойдук эле. Ал чынында эле Теңирден чоң касиет менен жаратылып, феодализм, капитализм деген табигый жол аркылуу өнүгүп бара жаткан адамзатына ыңкылап жасап,  дагы бир кедей-кембагалдардын таламын талашат деген социализм аттуу системаны калтырып кеткен эмеспи.  Башкаларды билбейм, мен дале болсо аны улуу адам жана чыныгы элдик жолбашчы болгон деп эсептейм. Бирок ушул убакка чейин анын устаттары Маркс, Энгельс болгонун […]

Кеңешбек КАПСАЛАҢОВ: Молдо Мамет

АҢГЕМЕ Таң аткандан бери жоо чапкандай тып-тыйпыл жаткан айылга, күн обочо көтөрүлүп, шашкеге таяп калганда жан кирди. Дегеле кышкысын бул айылдын чет-жакасында кыймыл өтө эле сейрек кездешет. Бирин-серин кар тээп оттоп жүргөн жылкы жаныбарын, кыштоого бараткан же келаткан жалгыз атчан малчыларды эсепке албаганда ак булуттай көлкүп жаткан кардан башка көзгө урунар ныпым жок. Сөөк сыздаткан суукка кол шилтей, минген атын күрткү жиретип, ызгаардын эпкининен чала күйгөн дөңгөчтөй карарып талаа-түстө жан кейитип жүргүсү келбейт эчкимдин. Андан көрө тоютуңду, отун-сууңду кенен камдай, […]

Блез ПАСКАЛЬ: Кулагыбыз жалган сөзгө аңырайган каалгадай ачык

(1623-1662), француз философу  Чындык менен адилеттик – кымындай мык сыяктуу: аны кагаарда эбин таппай, барскан менен таамай мээлеп, дайыма тийбей калабыз. Эгер дадил тийсек да, бырыйта согобуз. * * * Адам акылы жетиккен сайын кеменгер адамдарга аралаша баштайт, акылы тайкылар гана кимдин ким экенин ажырата билбейт. * * * Эмне үчүн бутунан аксаган адамдарга эмес, акылынан аксагандарга кыжырыбыз көбүрөк кайнайт? Себеби буту аксактар башкалардай түз басалбай турганын моюнга алат, акылынан аксагандар эчкачан кемчилигин моюнга албайт. * * * Кемчилдигиңди көрсөткөн […]