Оуяң Сү менен Сүцайдын поэтикалык күч сынашуусу

Оуян Сү[1] төрт жашка чыкканда атасы өлүп, апасы менен калат. Алар жарды жашагандыктан окуу куралдарына акча жетчү эмес, ошондуктан апасы иероглифтерди кумга жазып көрсөтүп, Сүнүн сабатын жоёт. Бала бир аз чоңойгондо бир сабаттуу киши менен таанышып, андан окуу китептерин алып турган, ал тургай аларды көчүрүп да жазчу. Бир жолу Оуян Сү кошуна короодогу таштанды салчу себеттен эскирип бүтүп, окууга эптеп эле жарачудай болгон “Хан Үяйдын чыгармалар жыйнагы” китебин көрүп, кожоюнунан сурап алат. Хан Үяйдын ырларынын жаңы жана табигый ойлор ширелген […]