Күркүрөө суусун жээктеп баскан кезде…

Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт. Чиркин, ак мөңгүсү асмандын көгүнө чагылышып Манас-Ата алда кайдан көрүнөт. Чокусу кылтыйып көрүнгөндөн ошол мөңгүлөргө көз чаптырам, өзүмчө ойго батам. Тигилип турсаң мезгилдин агымы токтоп калгансыйт. Кечээги кайсы, бүгүнкү кайсы – унутулат. Манас-Атанын ак кар-көк музу Адам э-эй десең, ырасында эле, Шекерге катар турган Көк-Сай айылынын чоң көчөсүнөн таң эрте туруп карасаң, күн жүрүш жактагы Манас тоосунун асманга жанашкан ак кар, көк муздуу чокусу уктап ойгонгон баланын көзүндөй нурланып көрүнөт экен. “Нурланып” деген сөз […]