Кадыркул Даутов: Мезгил сыны жана Райкан[I]

Эң күчтүү сын – мезгил сыны, эң бийик жана эң туура чен өлчөм – мезгил чен-өлчөмү. Эч ким бералбаган курч бааны мезгил берет, эч ким көрсөтө албаган кемчиликти да мезгил көрсөтөт. Эч ким эч кимди мезгилче иргей албайт. Эч ким эч кимди мезгилче өз ордуна да коё албайт. Генийлер менен улууларды да, тубаса оргуган кара таланттар менен жазуучу пардасын жамынып алып катарга кошулуп жүргөндөрдү да газап аспабы алтынды жезден так ажыратып бөлүп бергендей накта өзүн ачып берчү адашпас даана сынчы […]

Кадыркул Даутов: Акындын акындыгы[1]

Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган макала. … «Акынга мансап эмес, тагдыр керек». Акындык өнөрдүн улуу сырын, жападан жалгыз улуу чындыгын керт башы менен ачып чыгып, аларды өз чыгармачылык тажрыйбасы, өмүр өрнөгү аркылуу кашкайта далилдеп бере алган улуу адам гана ушинтип айталмак. Ар бир калем кармап ыр жазууга ниеттенген жаш акындыктын айныбас, ыйык эрежеси катары күтүнүп, өмүр бою бешенесине шам кылып карманып, бараткан багытын текшерип жүрүп отуруш үчүн табышталган бул акылман […]

Аман Саспаев: Элге мени “Сарала итим” тааныткан

Таланттуу жазуучу Аман Саспаевдин «Кыргызстан маданияты» гезитинин архивинен табылган бул интервьюсу көркөм чыгармачылык менен алышып жүргөн калемгерлерге чыгармачылык өнөркананын өрнөктүү нускасы болуп береринен шегибиз жок…  — Аман ава, сизди адабий журтчулук аңгеме жанрынын чебери катары баалашат. Кенже жанрдын керемет сырын түшүндүрүп берүүгө мүмкүнбү? — Кыргыздын кеби бар да “аз сөз – саз сөз” деген. Анын сыңарындай эле адам канчалык так, кыска сүйлөсө ошончолук жугумдуу болот. Чыгармада мазмунду колдон келсе бир сүйлөмгө батыруу керек. Кыскалык – чыгарманын күчү, кудурети. Дүйнөлүк корифейлер […]

Бекташ Шамшиев: Англис адабиятынын кыскача тарыхы

Биз өз казаныбызда гана кайнаган улут болуп калдык. Ашкере. Ашкере улутчул, ашкере билермандар арбыдык. Жер планетасында кыргыздан улуу, кыргыздан кыйын улут жоктон бетер кыргыз тарыхын жазгандар арбып-дарбып аткан кезең. Адабиятчыларыбыз да тарыхка чала-чарпыт сүңгүп кетишти. Жазуучулар тарыхый темадагы китептерди атаандашып жазып аткандагыбыз… Улуу устатыбыз Салижан Жигитовдун «кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде» деген таамай сөзү канчалык таасирдүү болгону менен, таасирдин тамыры кыргыз интеллигенциясын ойлондурган жок. Кайрале өткөнгө кылчактап, ордунда токтоп туру. Көздүн желкеге бүткөндөгүсү ушул окшобойбу… Албетте, тарыхтын сабагын алууга тийишпиз. Ошол […]

Мирлан АЛТЫМЫШ уулу: Карызы көп чет элге Кыргызстанды, \ «КАРЫЗСТАН» деп атап албайлыбы

ЖАҢЫ ДҮБҮРТ Учур адабиятынын көзгө жарк деп көрүнөр өкүлдөрүнүн чыгармачылыгын талдоода: жакшысын жакшы, жаманын жаман деп ылгоо мезгили келди. Күтүп кереги жок. Турпар тушунда, күлүк күнүндө турганда сүрөгөнгө не жетсин… Адабият астанасын аттаган соңку муундагы сүрмөтоп жаштардын ичинен суурулуп алдыга чыккандары жок эмес, бар. Алардын бири Мирлан Алтымыш уулу «Сүйология» аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен эле кыргыз адабиятынын корифейлеринин бири, белгилүү сынчы агабыз Кадыркул Даутовдун назарына илингени кубандырат. Айтылуу адабиятчыбыз жаш акындын ыр китебине жазган баш сөзүндө минтет: «… жаш […]