Кадыркул Өмүркулов: Жылкы жыл

АҢГЕМЕ Уюлгуган кар борошо жума бою көз ачырбай уруп, тоо өтөгү аруу жуунду. Адаттагыдай эле жылдын аягында кун кыскарып, түн узарып, ал эми чыкылдаган суук тирүүнү чыйт түкүртө койбой, кыш кылычын ого бетер кычырай кармап чилде кирип келди. «Чилде чилделигин кылбай койбойт» деп ойлоду түнкү күзөттө жаткан жылкычы Кушубак. Ал күпүйгөн жылуу койнуна мылтыгын солоп, пахтадай таза, нары жаңы карды кыңкайып жатты бороондун сээлдегенине сеп ала түшкөнсүп, ого бетер ишенимдүү кар тээп, тумшугу менен жер искей чөп кууп, тирүүлүктүн шыбыртын […]

Кадыркул Өмүркулов: Акжолтой (шедевр)

АҢГЕМЕ Бир абышка-кемпир жашады. Экөөнүн сапсары аюусу бар. Сапсары аюу — Аяз мергенчиники. Анын аты ушундай. А кемпири Кумар болсо сапсары жырткычка калганда өзүн дайыма көрбөмүшкө, укпамышка салат да, кайра эле жыйырма жылдан бери сапсарыны угуп, көрүп жүрүп жадагандыгын айтат. Кычыраган кыштын бир күнү болчу, ал кезде Аяз мергенчи аталып күпүлдөп турган убагы. Ошол кычыраган кыштын ачыкпы, же бүркөкпү (эсте жок), бир күнүндө, сапсайган жырткычты Аяз үйгө жетелеп кирип келгенде, Кумар сапсайган өңүнөн чочудубу, ошондон көп узабай уул төрөгөн. Ошондо […]

Кадыркул Өмүркулов: Бурма

АҢГЕМЕ Иңир. Машиналардын, арабалардын издери толгон чаңдуу жол. Жолдун ар тарабында куураган чөптөр. Андан ары ошондой эле көрксүз бозоргон талаа. Атам замандан бери бул кунарсыз бозоргон талаага адамдын колу тийбесе керек. Түлөгөн тайлактай болуп көңүлсүз бозоруп жатат. Мына ошол жалгызсыроонун, көңүлсүздүктүн белгиси окшоп, жолдо эки ат тарткан араба келатты. Арабанын ичинде бош флягалар бири-бирине урунушуп баратты. Арабаны башкарган – Бурма. Гүлдүү жоолугу бүкүрөйгөн ийинин жапкан, өзү уктап бараткансыйт. Аны жаңдап бу жолдун чаңын асманга көтөрө грузовой машина чукул өттү. Араба […]

Кадыркул Өмүркулов: Жылдыздуу түн

АҢГЕМЕ Жылдыз учуп жөнөдү да, ыргытылган ширенкенин чийине окшоп өчүп калды. «Мына, кимдир-бирөөнүн өмүрү да өчтү»,— деп ойлоду Карып, ата-бабадан бери келаткан ырымды эстеп. Анын жашы элүүдөн ашып баратса да, бул ырым-жырымга чын көңүлү менен ишенчү. Жайды жайлата ал өзүнүн кичинекей бакчасы көзгө басар жалгыз алма багынын түбүндөгү ачык абада уктап жүрдү. Шатырата куйган жамгыр, тоо тараптан сүрүлүп келген бороон-чапкын да аны коркута албаган. Карып топурактан согулуп жаткан тектирченин үстүнө келип жатат да, анда-санда көк чөпкө топ этип үзүлүп түшкөн […]

Кадыркул Өмүркулов: Эрте жаздагы чагылган

АҢГЕМЕ Берен буюмдарын салыштырып жатып, терезенин кууш калай тилчесинде бейкапар ары-бери басып, «гүү-гүү» деп коюп тумшугу менен канаттарын тазалап жаткан түгөй көгүчкөнгө байкоо салып турду. Терезенин жаактары ачык болгондуктан, бул канаттууларга көп керебеттүү жайдак бөлмөнүн ичи даана көрүнүшү мүмкүн эле. Берен терезенин түбүнө келип, аларга жакын, катар туруп калганда, көгүчкөндөр чочуп учуп кетпестен, кайра моюндарын кержең эттирип, ал тарапка баштарын бурушуп, алчадай кызыл көздөрүн ирмебей жоодурата тиктешет. Көгүчкөндөрдүн бейкут гүүлдөп, ары-бери басып жүрүшү Берендин чаалыккан дилине түшүнүксүз, кыжырдуу сезим пайда […]

Кадыркул Өмүркулов: Торгой уя

АҢГЕМЕ Адамкул сентябрда Финляндиядан келатты. Хельсинки аэропортунан Адамкул он күндөн бери өзүн коштоп жүргөн, алп мүчөлүү ак көнүл жазуучу Элиэлдин кете берүүсүн өтүндү, аба ырайынын шарты болбой самолет Москвага учпай жатыптыр. Эми Адамкул аэровокзалдын бир бурчунда ыңгайлуу олтуруп алып, күүгүмдөгөн айнектин ары жагындагы бири кетип, бири конуп аткан лайнерлерди карап, буерде жүргөн күндөрү көз алдына чубура берди: талаа-тоо аралап, деңиз бойлоп жүздөгөн чакырым жол басты, ак көңүл адамдар менен сүйлөшүп пикир алышты, конок болуп түркүн даам сызды, эми ушулардын бардыгы […]