Владимир НАБОКОВ: Периштенин сөзү

АҢГЕМЕ Коюу түндүн койнунан таттуу түштүн канаттуу шамалы сууруп чыгып, алтын түстүү таптаза асман астында ажайып бир тоолуу өлкөдө жол четинде турдум.   Кылчайып артымды карабасам да тээ ылдыйда аркайган урчуктуу аскалардын жаркыраган кырларын, түбүнө көз жеткис тик жарларды, күн нуруна күзгүдөй чагылышкан көлдөрдү жон терим менен сезип жатам. Жан дүйнөм түркүн түстө кулпуруп, рахаттын бийик чегине жетип, жараткандын жан жыргаткан бейишине киргенимди билдим. Бирок менин жерди байырлап, жерде өскөн жан дүйнөмдү жалындап күйүп тынчтык бербеген жерликтерге тиешелүү бир ой кемирет […]