Мурзаш АШИРБЕКОВ: Жоголгон күлкү

АҢГЕМЕ Анын күлкүсү бир кызык эле. Талаага суу жайганда чычкандын ийнине туш келсе «бурк-бурк-бурк» деген үн чыгарып кирип кетет ко. Так ошондой. Бир күнү ушул күлкүсүнөн түбөлүккө ажырады… Ал жаздыгы бийик, калың салынган төшөктө чалкадан түшүп, детективдик бир чыгарманы окуп жатты. Жадап кетти окшойт, оң ныптасына оодарылып, улагада супура жайып, камыр жууруп отурган аялын карады. Аялы азгыныраак, бирок бир аз толо түшсө алдына эч кимди чыгарбай турган ыраңдуу эле. – Эмне кылганы жатасың, Жаңыл? – Оромо жасайм. Күйөөсү ыраазылыгын билдирген […]