Кожогелди КУЛТЕГИН: Дүйшөн Байтобетов дүйнөбүздү эңшерилтип кетти

Кашкайып күлчүү. Кашкайып жылмайчу кайран киши. Ошо кашкайган күлкүсүн, кашкайган жылмаюусун жыл-айлап зорго жыйыштырып алчудай сезилчү. Анан, атаңгөрү, кашкайта ойноп салчу ролдорду! Таланттуунун башкасы – таптакыр өчпөс кашкасы эле! Бир Илястын ролу менен миллиондор үчүн жаштыктын эн белгисине (символикасына) айланганы – эмне деген өнөр, эмне деген феномен! Ооба, ошондогу биздин (кермуруттардын) ЗИЛ айдагыбызды келтирбедиби! Зилдеп сүйүп ырдагыбызды, жыргагыбызды, ыйлагыбызды келтирбедиби! Башканы кой, кийген купайкесинен жаштыктын, сүйүүнүн табы уруп турчуу го! Бийиктикке, бийиктерге, ашууларга ашыктырчу! Авариясыз чыккыбыз келчү ашууларга! Айтматовдун дагы […]

Конкурска: Акыркы могикан Райкандын “Жинди суусу”

№2 Классиканы кайра окуганда * * * Классик акыныбыз Райкан Шүкүрбековдун термелерин улуттук адабиятыбыздагы бул жанрды жаңы баскычка көтөргөн көркөм туундулар катары караганыбыз оң. Фактынын өзү да бул ойду далилдеп турат. Акындын «Аралаш төкмө», «Жинди суу», «Рахмат койчу, чабанга», «Жер жөнүндө терме», «Аялдар жөнүндө сөз», «Декада жөнүндө сөз», «Насыят-терме» деген термелери бул жанрдын классикалык үлгүлөрүнөн болуп калгандыгын эч бир тартынбастан туруп эле жарыя айтканыбыз оң. Аталган термелердин ар бири өзүнчө сөз кылууга муктаж боюнча калып келе жаткан өзгөчөлүү көркөм дүйнө. […]

Жолдошбек Зарлыкбековдун азыркы замандын Ажары тууралуу аңгемеси

АҢГЕМЕ Көчөрбай отуз бештен ооп барып араң перзент көрдү. Жайы-кышын тоо-тоолоп, кырылгыр ак койдон башка барар жолу, бактысы болбогон карапайым чабан догдур-могдур менен деле иши болгон жок. Сол ийнине шайтан конгон күндөрү же бирөөдөн кыйыр какшык сөз укканда аракка ачуусун чылап келип, аялы Ажарды басып жыгылып сабап жатып калчу. Арачыга ээ бербей катуу сабачу да, эки-үч күн ысык тамак ичпей ачка калчу. Аялы чүмкөнө онтолоп төшөктө жатса, казанын ким асмак эле. Көчүгү көмөчтөй эме мешке көң калаганды ушул жашка чейин […]