Сарман АСАНБЕКОВ: Улуу өнөрдүн уюткусунда

Кыргыздын чыгаан режиссёру Жалил Абдыкадыровдун ысмы тарыхтын энчисине тийген күндөн канча убакыт өтсө да, улам барган сайын инсандык касиети менен ал койгон спектаклди көргөндөрдүн көз алдына бараандуу тартылат. Жакең чыгармачылык ийгиликке ынтаасын койгон иштемчилдигинен мезгилдин талабын аркалап, окуп да, изденип да адистик режиссуранын терең жана татаал сырларын мыкты өздөштүрсө да, өз учурунда алчу сыйлыктарга, наамдарга келгенде тагдыры алгач ыраазы кылгандай болсо, бара-бара кыйчалыш тартып туруп алды. Жалилди акыркы сапарына узатып жатканда казактын көрүнүктүү режиссёру Азербайжан Мамбетовдун: «Кайран Жакем, жарык дүйнөгө […]

Зияш Бектенов: Кезегинде Жусуп Абдырахманов Сталинге да эскертүү бере алган

Менин маектеш агайым Зияш Бектеновдун ысымы окурман журтчулукка кыйла тааныш. Бул маек мындан 26 жыл илгери, замандаш агасы мамлекеттик чоң ишмер Жусуп Абдырахманов жөнүндө болгон эле. Маек менен таанышкан адам Жусуптун да, Зияштын да кандай адамдар болгондугунан кабардар болушат. РухЭш: Бул эскерүү Тенти Орокчиев аксакалыбыздын жеке архивинен алынды. О. Тенти: Кийинки совет доорундагы кыргыз тарыхына көз чаптыра келип, элибиздин адабияты менен маданияты тууралуу кеп кылбай эле бүгүн ошол жылдардын аралыгындагы коомдук, партиялык ишмерлердин берден-бир көрүнүктүүсү Жусуп Абдыракманов болуп жатат. Ал […]

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ: Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…

Бир жыл илгери кайсы бир белгилүү адамдын юбилейинин эртеси телефон шыңгырап калды. Тыңшасам Сакем экен, «үйдөсүңбү?» дейт. «Тышта болсом телефонду алат белем? десем, «Баса дейм да, сени кечинде эле эмес, күндүзгү тойлордун баарына чакырышат экен, ансыз той көркүнө чыкпай калыптыр деген сөз угуп калдым эле, болбосо жөн эле келе бермекмин. Болду, мен азыр барам» деп карсылдап күлдү. «Ой, мен азыр тойго кетип бараттым эле. Болуптур эми, сен биринчи жолу телефон чалып келмекчи болгонуң чоң жаңылык. Ошону белгилейли»… Учурдагы абал боюнча […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Мерес болуп баратабыз…

Биз, советтик балдар майрамдарды дегдеп тосоор элек. А майрамдар да мыкты, маанилүү, өзгөчө шаң эле да. Жаңы жыл, арсар болсо да, 23-февраль, 8-Март, 1-Май, 7-Ноябрь. Эл турмушу дээрлик бир кылка, кийгениң тең, ичкениң тең, укугуң тең, демек жүргөнүң, күлгөнүң тең. Эркиндик жок беле? Ырас, ар нерсенин өз чеги, эби-чени болчу. Эмичи… Тойдум, береги демократия терисин жамынган анархияңа! «Башы жок бака, көзү жок көгөн» биз болдук. Келечекти не кыласың, эртеңкиге ишеним, үмүт жок. Үмүт жандыраар, алдыга шык, дем берээр бийликтин жүүнү […]