Академиялык китептер дүкөнүнө кирген биринчи кыргыз жазуучу

(«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» китебинен үзүндү) Ушул окуяны эстеген сайын, “Кылым карытар бир күн” романына эпиграф кылып алынган Х кылымдагы грузин ойчулу Григор Нарекацинин “Аза китебиндеги”: Бул китеп менин деним деп бил, Бул сөз менин жаным деп бил, — деген укмуштуудай терең маанилүү саптары эсиме келе берет. Эсиме келет да, балким, Чыңгыз ага ошол өзү жактырган Г.Нарекацинин китебин же ал жөнүндө жазылган кайсы бир илимий эмгектер жыйнагын ушул Бишкектин эле өзүнөн, өзүнөн болгондо да, биздей студенттер үчүн унутулгус саналган декабрь күнүндө […]