Конкурска: Каар огу №24

Аңгеме-притча О Улугум, Жараткан! Өзүң сүйгөн Адам-султан. Көрпенделик пейил күтүп, өз ырысын өзү куруткан. Көрнаамек болуп жүрбөсүн бардыгын унуткан? (Аскадагы жазуу) Жүздүк көзүндөй кипкичине айыл. Асман тешкен тоолордун этегинде, толкуп аккан үлкөн суунун жээгинде. Ие, жомоктогудай күн-түндөрдү кечирген бул айылдын төтөнчө сыры, бөтөнчө ырдадаар ыры бар. Сыры: кыш чилдеде кырк күн Күн күлмүңүнө, жаз чилдеде кырк түн Ай жамалына зар. Ананчы, айлап Күн жарыгын, Ай нурун көрбөгөн пенденин кусалыктан «тарс!» айрылып кетпейби курсагы! А, ырдалаар ыры: Жашоо Күнсүз курусун, көңүлдөр […]