Азамат ТӨКӨРОВ: Хемингуэйдей алдыма улуу максат койгон эмесмин

Маектешибиз Азамат Төкөров Россияда жүргөн мекендештерибиздин бири. Анын азын-оолак ырлары «РухЭш» сайтына жарыяланары менен дароо адабий сынчылар менен белгилүү калемгерлердин назарына илинип, бизде да А.Төкөровдун чыгармачылыгына болгон кызыгуубуз арткан. Бу саам Азамат менен маек куруп отурбуз… Ал эми буга чейин жарыяланган чыгармаларын береги шилтемеден толук окуй аласыздар: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»  – Азаке, обол турмуш жагдайдан кеп кылалы. Мекендештердин абалы кандай? — Кудайга шүгүр, баары жакшы. Же тагыраагы жакшыдай сүрөт сызып жүрөбүз эл катары. Турмуш-тиричилик жакшы эле. Москвадагы мекендештер […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Жашоого кайтуу

(Мистикалык аңгеме) Оорукчан жаны өлүмдү көп ойлочу. Адамзаттын бирден-бир бул жандырмаксыз табышмагына эл катары эле акылы жетпегени менен, анын өзүнө жакын калганын сезсе дагы коркчу эмес. Ал өлүмдү тек гана түбөлүккө эч ойгонбостон уктап кетүү гана катары көрүп, артта чала бүткөн иштерим, төлөнбөгөн карыздарым, жетпеген максаттарым жаман сөз калбаса экен деп тилечү дагы, уулу менен кызына келечек түзүп бербей кете берүүдөн санааркачу. Бирок өлүм деген өлүм да. Ал ар бир пенденин бул дүйнөдөгү бүтпөгөн ташпиштерин күтүп жүрбөйт. Ажалы жетип, күнү […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Гүл

ЭССЕ Кеч күздө, бойлору мени менен тең ак, көк, кызыл, сары болуп топтолуп өскөн гүлдөрүм бажырайып ачылып алышкан. Жыпар жытын аңкытышып жазда эле ачылышса болбойт беле? Антишпейт. Жыл сайын күз айы аяктап баратканда гана жер-ай-ааламга сулуулугун чачырата тартуулашат. Эми минтип, эрте жааган кар алдында калышты. Таажылары үшүй баштады. Айланчыктап жандарынан чыкпайм. Акыры аларды сууктан сактап калуунун бир жолун таап алдым: этеги жер чийген узун, көйкөлгөн көк плащымды сыртка алып чыгып, топтошкон гүлдөрүмдү чогултуп туруп плащымды “кийгизип”, топчуларын төйнөп койдум. Мурда […]

Эрнис АСЕК уулу «айла жок, айла жок» дейт

Окурмандардын табити өзгөрдү. Өзгөчө жаштардыкы. Жеңил-желпи нерселерге качыра баштады. Массалык маданият деген жүрөктүн үшүн алат. Эч нерсе дей албайсың. Колго калем тиет. Айла жок… Верлен, Малларме, Рембо «Каргыш тийген акындар» деп үчөө жөнүндө Верлен жазган. Жазгандары да, сүйлөгөндөрү да, жашоолору да союп каптагандай окшош. Улуусу Поль Верлен болгон. Артур Рембого акыл үйрөтчү. Эс тартканы соолуккан жок. Алгач сүйүүгө мас болду. Жалындап ыр жазды. Андан соң жинди суунун түбүнө түшүп, Европаны түрө кыдырды. Жаш досу Рембо менен уруша кетип, ок чыгарып, […]