Калил Жибран: Рухтун ыры

Жүрөгүмдүн уругунда, рухумдун тереңинде жашаган сөздөрү жок ырым бар. Ал калем менен жазылуудан баш тартат, сүйүүмдү жумшак кебез менен оройт, бирок оозумдан чыкпайт. Бул нерсени кимге айта алам? Аалам абага айланып кетишинен коркомун. Кимге айтам?  Жан дүйнөм коркунучтун кулагынан коркуп жашап жатат. Көздөрүмдүн тереңдигине караганымда:  көлөкөнүн көлөкөсүн, бармактарымдын учун кармаганымда титирөөнү, колдорумдун кыймылдары  жашап жатканымдын себебин билгизет,  бир көлдүн жаркыраган жылдызды элестеткениндей, көз жаштарым агат, таптаза жамгыр тамчысы сыяктуу, куурап калган гүлдүн сырын ортого төгүп жаткандай сезилет. Бул ой менен […]

Калил Жибран: Туулган күнүм

Жылдын бул күнү, апамдын мени дүйнөгө алып келген күнү эле; мына ошентип бүгүн дагы жарым кылым өтүп кетти. Улуу тунжуроо, көз жашы  жана талаш-тартышка толгон жаралуунун колдоруна тапшырылдым. Жыйырма беш жолу айланама көз чаптырдым. Жаркыраган күн жана ай мени айландырып жатты. Бирок дагы деле жарыктыктын сырларын, караңгылыктын сыйкырын үйрөнө алган жокмун. Бул жыйырма беш жыл бою жер жүзү, күн жана планетага саякатка чыктым.  Улуу адабиятта рухум Жогорку даражалуу Мыйзамдарды түшүнүүгө аракет кылууда, деңиздин толкундарын терең үңкүргө окшотуп, бирок жан дүйнөмдү […]

Калил Жибран: Атак – күчтүү адамга жүк, адамдар ошол жүктү көтөрө алганы менен сындалат

Адамдар арасында бир тамчы кан агызбаган өлтүргүчтөр, эч нерсе уурдабаган уурулар жана дайыма чындыкты айткан жалганчылар бар. *     *     * Баскан жолун жана жөлөнгөн дубалын гана караган киши келечекти көрө албайт. *     *     * Өткөнүңүздүн эсеп дептерине караңыз, адамдарга жана жашоого карыз экениңизди көрөсүз. *     *     * Кайгымды сабырдуулук талаасына көмгөнүмдө, бактылуулуктун жемишин жедирди. *     *     * Билим ичиңизге эгин экпейт, уруктун көбөйүшүн гана талап кылат. *     *     * Шашылып тамак жеп, кыйшайып басасыз. Анда эмнеге буттарыңыз менен тамак жебей, […]