Жоржи Амаду: Элдик майдан жана майрам

Амаду Жоржи (1912-2001) – Бразилия жазуучусу, академик. “Какао”, “Тер”, “Жансыз деңиз”, “Учу-кыйырсыз жер”, “Кызыл тандар” ж.б. ондогон романдардын автору. Чыгармалары дүйнөнүн элүүдөн ашуун тилдерине которулган. Бир катар эл аралык сыйлыктардын лауреаты. — Кырк беш жыл жазуучулук менен шугулданып, жыйырма роман жазыпсыз. Эмне үчүн жана кимдер үчүн?… — Менин өмүрүмдүн да, чыгармаларымдын да өзөгү эл турмушунда. Колумдан эмне келсе, ошонун баарын эл турмушу үйрөттү, мен дагы бүт чыгармачылыгымды ошого арнадым. 1931-жылы жарык көргөн “Карнавалдар өлкөсү” романымдан баштап, “Күрөшө берип, күчтөн тайган […]