Калмак эл жомогу: Чал менен кемпир

Илгери дейт, илгери… чал-кемпир жашаптыр. Чалы отунга кетет, кайтып келатып ийне таап алып, аны таңгактын арасына салып коёт. Келип кемпирине сүйүнчүлөсө, ийнени тебетейиңе төйнөйт белең деп кемпири тилдейт. Чал отунга кетет дагы. Кайра келатып балта таап алат. Тебетейин айрып, балтаны айрыкка кыстарып кемпирине апкелип карматат. Муну көргөн кемпири сүйүнмөк беле, балтаны бел курчооңо кыстарбайт белең деп тилдейт. Чал отунга кетет, келатып күчүк таап алат. Аны дароо бел курчоосуна кыстарып үйүнө апкелет. Кемпири дагы тилдейт: «Муну күчү-күчү десең эле ээрчип келбейт […]

Калмак эл жомогу: Гелүнг менен манжик

Бир калмактын энеси өлүп, азадар уулу өз энесинин жаны бейишке түз барсын үчүн гелүнгдин[1] дуба окуп беришин суранат. Гелүнг дароо элпек-манжигин[2] ээрчитип калмактын боз үйүн көздөй жөнөйт. Напсиси бузулуп көбүрөк пайда тапмак болот. Анүчүн жолдон териси баалуу суур кармап алып, аны элпек-манжикке карматат. Жаны чыккан кемпирге дуба окулган маалда суурду бошотосуң дейт балага. Аза күткөн калмак муну энемдин жаны деп кабыл алып, көбүрөк акы төлөйт деп ойлойт кууланган гелүнг. Келишти. Көрүштү. Гелүнг дубасын окуду. Жанындагы элпек бала кыңылдап коштоп турду. […]

Калмак эл жомогу: Куу молдо

Бир калмактын энеси өлөт. Ал гелюнгдан (калмактардын будда молдосу) апасын түз эле бейишке жөнөткүдөй сыйынуу ырын ырдап берүүсүн өтүнөт. Гелюнг жардамчы баласын ээрчитип калмактын үйүнө жөнөйт. Ал ушул ирээт да жакшы иштеп табыш үчүн куулукка бармай болот. Бул үчүн жолдо келатып талаадан чычкан кармап, жардамчысына берет да, качан сыйынуу ырын ырдап бүтүп калганында аны үй ичине коё берүүнү буюрат. Капысынан пайда болгон чычканды көргөн калмак апасынын жаны катары кабыл алып, гелюнгга ыраазы болуп, жакшы төлөп берет. Ушинтип сүйлөшкөн экөө калмактын […]