Кыргыз эл жомогу: Жоомарт

Илгери, илгери бир кандын үч вазири бар экен. Бир күнү вазирлерин сынамак үчүн кан: —  Вазирлерим, менин силерге бере турган суроом бар, кандай адам жоомарт болот? Малдуу, бай адам жоомарт болобу? Силер мага айтып бергилечи,- деген экен. —  Дүнүйөсү көп болбосо, малы жок болсо, эч кандай адам жоомарт боло албайт. Малдуу жоомарт болот. Колунда жок болсо, кандай мыкты адам болсо дагы, мен жоомарт боломун деп аракет кылганы менен боло албайт,- дешет. Андан көп күндөр өткөндөн кийин кан жаман кийим кийип […]