Калык ИБРАИМОВ: Арктика-Антарктика (Поэтикалык эссе)

Антарктикада муздун эриши тездеди Бул тууралуу окумуштуулардын эл аралык тобунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Алардын иликтөөсү 1992-жылдан бери Антарктикада дээрлик үч триллион тонна муз жоголгонун аныктаган. Ушундан улам дүйнөдө деңиз деңгээли 1990-жылдардын башынан бери бир сантиметрге жакын көтөрүлгөн. Бул өз кезегинде Тынч океандагы аралдардан тартып, АКШнын Флорида штатынын жээгине чейинки аймактарга коркунуч келтирет. 84 окумуштуу жүргүзгөн иликтөөнүн бүтүмдөрү 13-июнда «Nature» журналында жарыяланды. Алар Антарктикадагы муздун абалын жандооч аркылуу чогулган маалыматтардын жана башка ченемдердин негизинде иликтешкен. Натыйжада алар 1992-2017-жылдар аралыгында 2,7 […]