Калык ИБРАИМОВ: Султан Раевдин Адам-Аалам модели жана жан жазасы

(Идея, модель, образ) Мезгил биз үчүн ар кандай жомок-мифтерди, аңыз-уламыштарды, тарых-таржымалдарды, икая-идеяларды, окуя-окууларды муундан-муунга сактап, саралуу мурас катары калтырды. Алардын айрымдары адамга жарык маанай тартууласа, кай бирлери кайгыртып, кабыргаңды кайыштырат. Ошолорду окуп, адам затынын азыркы жашоо жагдайы менен салыштырган сайын: “Тарых дайыма кайталанат, абал трагедия түрүндө, анан фарс шекилинде”,- деген сөздүн эскирбес чындык экенине эрксизден ишенесиң. Көрсө, муун алмашкан сайын өткөндөрдүн сабактары унутулуп, улам кийинки урпак мурункулардын жашоо тажрыйбасын кайра баштан жаңыртып кайталай берет тура. Эмне дейсиң, Кудай жашоо-турмушту, адам […]

Калык ИБРАИМОВ: Турмуш – деңиз

ХРОНОС-ЭРОС Жашоо бүтпөй жаңыланып турмагы, Жаратканга жадыбалдай керек ко. Жатып албай жан бүткөндүн бүт баары, ошон үчүн баш урат да Эроско… *   *   * Жаралгандан кудуреттүү Демиург: “Урпак ула, тукумуңду курутпа”, — деген үчүн дээринде бүт баарын, баш үйүртмө кылган тура урукка… *   *   * Бул жашоонун экстазы эрос деп, жазылган соң Жараткандын жарлыгы. Ошон үчүн турмуш турат токтобой, Ошон үчүн жанталашат баардыгы. *   *   * Адам баштап ар макулук-жандыктар, ошон үчүн оргазмга батышат. Анан балкып лаззатында кумардын, бала болчу […]

Калык ИБРАИМОВ: Архетиптик аң-сезим жана Айтматовдун апокалиптикасы

Чыңгыз Айтматовдун чын дүйнөгө жаралып келгенине жана жалган дүйнөгө кеткенине канча жыл болсо да, биз аны ажайып чыгармалары аркылуу эч качан унута албайбыз. Убакыт өткөн сайын, планеталык масштабдагы кандай улуу жазуучу жана орошон ойчул инсан менен улутташ, жердеш, замандаш болгонубуз үчүн сыймыктануу сезимибиз уламдан улам артыла берээр. Анын чыгармаларындагы түпсүз тереңдикти түшүнө билүү – арийне, мезгилдин иши. Адам урпактарынын ар мууну ал сыр сандыкты ачууга аракет кылаар. Бул макала да буюрса, ошого арзыбаган бир азыноолак кошумча болор. Анда эмесе, сунушталган […]

Көчмөндөрдүн боз үйү жана көөнө кытай акыны Бо-Цзюй-И

Адам турмушу менен жаратылыш жошоосунун эриш-аркак биримдиги асыресе эртеги тарых-тагдыры көбүнчө көчмөнчүлүк менен ажырагыс байланышта болгон калайык калктардын социалдык жана рухий тажрыйбасынан эң таасын байкалат. Төшү түктүү жер үстү менен төбөсү ачык көк астында ар качан жаны жай албай, көчүп-конуп жайдак жашаган ал элдер, башка отуруктуу калктар сыяктанып, өздөрүн жан-жакадагы жапан жаратылыштан сандаган жасалма объектилер менен айландыра курчап обочологон эмес. Көчмөн калк мейли кышта, мейли жайда, мейли күндө, мейли түндө такай табигаттын тамыр кагышын жан-тени менен өтмө катар сезген; өмүр-жашоосу […]

Калык Ибраимов адабияттан кантип алыстаган?

Биз адабияттын астанасын жаңыдан аттаган жылдары коомчулукта кыргыз адабиятынын Белинский, Чернишевскийи сыяктуу жаңы мууну өсүп келатат деген ишеним жаралган. Ал ишенимдеги адабиятчылар: Аман Токтогулов, Калык Ибраимов, Каныбек Эдилбаев деген кырктын кырындагы зыңкыйган агаларыбыз эле. Дуңку сезимдеги биздей кенже муунга бул ысымдар чыгармачылык ориентир болчу. Тагдыр экен, ориентирден эрте ажырадык… Адегенде А.Токтогуловго Ашым Жакыпбеков агабыз некролог жазып: “Сени көз жумуп кетет деген шумдук кимдин түшүнө кирмек? Жубарымбек, неге эрте кеттиң?!” деп каңырыгы түтөгөн эле. Даа… чынында Аман Токтогулов кырчынында жер жазданды, […]