Калыс Кенжебаев: Пианист (конкурска №7)

АҢГЕМЕ Кандай гана кызыксыз жашоону жашап жатам… Жайдын күнү шаарда өтө тажатма; күндүн куйкалаган аптабы кайра айланып таң атмайынча тарабайт. Андыктан кечкисин гана бир аз сейилдегениң болбосо, турмушуң турмуш болгону курусун. Өмүр бою шаарда жашай турган болсоң далай жашыңды түтүн менен ызы-чуу жейт. Эгер кедей болсоң, сенден өткөн шордуу жок, өзүңдөн өзүң карыйсың. Шаарда бай болуунун бир эле жолу – бай болуп төрөлүү. А иштеп баюуну көздөгөн адам келесоо. Күндө тапканың күнгө, айда тапканың айга өп-чап жетет. Бул ойлор мага […]

Калыс Кенжебаев: Кайырчы

АҢГЕМЕ Күндөн күнгө суук күч алып барат. Шаардагы кыштын кыш болгону курусун: бирде күн жылымдап, жер ала-шалбырт боло түшөт дале, түндөсү аны ызгаар мелтирете тоңдуруп салат да, ошол калыпта жумалап жатканы жаткан. Мындай тоңголокто такалуу атка да оңой эмес. А адам оңой эле сөөгүнө сынык жасап алышы мүмкүн. Ар күнү жумуштан чыкканы үйгө жеткенге чейин дал ушул ойлорду ойлоп, наалыйм. Бул менин күнүмдүк жашоомдун бир бөлүгү болуп калган сымал. Меникиндей жашоосу бар адамдарды тажатма адам деп коюшат. Деги эле жашоом […]

Калыс Кенжебаев: Жалбырак (конкурска)

(Чоңойгусу келген балдар жана бала болгусу келген чоңдор үчүн жомок) Тереземден теребелге баш багып, үйүмдө бул сокур кишинин көзүндөй үлбүйгөн айнек алкактан башка кызык толуп жатса да, кайра тартылып карайм. Тартылганга татыктуу деле укмуш көрүнүш жок. Теребел дегенде эмне болмок: анда-санда зырылдап унаа өткөн чаң жол, жайкысын жайнаган гүлдөр болор эле, азыр кар жаңы кетип, бирин-серин байчечекей баш багып келаткан кез, анан бир да жалбырагы жок жылаңач дарак. Башка дарактар эчак бүчүр байлап, жалбырак ачып калды. А бул шордуу картаң […]

Калыс Кенжебаев: «Ыр башаттын» ыры бүтпөсүн

Кыргыз адабиятынын ташы өйдө кулап турган убагы Кыргызстандын Советтер Союзунун курамындагы алтымышынчы жылдар экени талашсыз анык. Азыркы убактагы калктын ат үстүнөн мамиле кылганынан улам адабияттын ыңырчагы ыйлап турабы же башка себеби барбы – ал башка суроо. Айтайын дегеним, кээ бир жоромолдорго караганда кыйынчылык, дал ошол согуш, жакырчылык элге эргүү берген дешет. Албетте, согуш темасына кыргыз жазма адабиятына Ч.Айтматовду, дагы далай дөө-шааларды тартуулабадыбы? Анткен менен согушту да жөндөп колдоно албаган жазмачы сөрөйлөр да жок эмес. Бирок кеп алар жөнүндө эмес. Согушту […]