Каныбек Эдилбаев: Чалгын ачкан көк жээктер[1]

Адатта, жаңы адабият менен искусствонун көз жарышы үчүн бүткүл дүйнөнү солкулдаткан социалдык-тарыхый төңкөрүштүн болушу зарыл эмеспи. Жыйырманчы кылымдын башталышын айбаттуу доош менен коштогон мындай төңкөрүш — Улуу Октябрь Социалисттик Революциясы болду. Революция тарыхтын демейки жүрүш багытын кескин өзгөрттү, коомдун өсүп-өнүгүш мазмунун, социалдык-саясий түзүлүшүн түп-тамырынан бери жаңыртып, жаңы негизге көчүрдү. Туш тараптан кысымга алынып, социалдык-экономикалык жана рухий күнкорлуктун айынан тарыхтагы аты өчүп, биротоло жоюлуп кетүүнүн кандуу босогосуна баш багып турган элдердин элдиги сакталып калды, алар революциянын кубаттуу шарапаты менен жаңы дүйнөгө […]