ЖК депутаты Эмил ТОКТОШЕВ: Олжокебиз акылынан айныган апенди эмес

Акыркы убакта коом адеп ахлакка, үрп-адатка, илим-билимге, мекенчилдикке да болуп көрбөгөндөй суусап турган кези. Бүгүнкү күндө глобалдашуу процессинде өсүп келе жаткан муунду өзүбүздүн баалуулуктар менен тарбиялабасак, сырттан келген агымдар өз кучагына тартып кетип жатканы айдан ачык. Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү, арабыздан чыгып жаткан азыркы «Дүйшөндөрүбүз» эл суусап турган учурда көптөгөн авторлор жаратып жаткан керемет чыгармаларды барктап, баалап, окуп, талдап – рухий азык издеген чөйрөгө жайылтууда. Мунун өзү коом агартуунун жаңыча жолу, жаңыча аракети. Качанкы унутта калган мыкты чыгармаларды бүгүнкү окурмандарга даңазалап турууга […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Эне жалынычы

Кымбаттуу апалар, асылкеч айымдар, эжелер, жеңелер жана карындаштар, баардыгыңыздарды ажайып 8-Март майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул «Эне жалынычы» деген ыр жана «Жалыныч» деген аңгеме Сиздерге арналат. Эне жалынычы Жалынып «жарыгым» деп эркелеткен, Кагылып как жүрөгү леп-леп эткен, Жашоодо жакшы адамдар арбын, бирок Жан кейип кыйналганда энемди эстейм. Айланып, чарп айланып, тегеренип, Алдыңан «кулунум» деп эбеленип, Жупжумшак алаканы кандай дары Маңдайдан бир сыласа эне келип. «Карааным», «каралдым» — деп, «чырагым» деп, Кечкисин чырагы өчпөй убайым жеп, Үшүсөң бооруна алып тез жылыткан Табына […]

Жетиген Асанбек: Алканованы айыптоо соо акылга сыйбай туру

“Идеал Хаус” аталган 48 коттедждүү 12 га жердин сатылышын иликтеген журналисттин кандайдыр бир кылмышка тиешелүү болушуна шек туудурган эч бир жагдайды көрүүгө мүмкүн эмес. Баары түшүнүктүү, баары такталган, даана. Ал коомчулукка чечип берген чиеленген түйүндөрдү коё туралы. Ансыз да баары жашырууга мүмкүн болбой жагжайып турат. Максим Бакиевдин ач көздүк илдети катуу өтүшүп кетип, ачылган араанын жаба албай, жылт эткендин баарын алып-жулкканынын айынан төңкөрүш болуп, 100гө чамалаган кырчындай өмүрлөр кыйылбады беле. Ошол төңкөрүштүн арты менен мамлекетке өткөн, тактап айтканда 100дөгөн адамдын […]

Олжобай ШАКИР: Журналистикага жолумду ачкан окуя (1-баян)

ЭССЕ Булактын көзү бар. Жылжып аккан салаа-салаа ар булактын суусу дайрага кантип барып кошулуп каларын билбейт. Мен ошондой болгомун. Турмуштун агымына батпай, ташкындап турган учурум. Кайсы дайрага барып кошуларымды анда кайдан билиптирмин… Багытым жок, бирок дымагым шумдук эле. Айтору, бирдин ичинен чыгар көздөнүп жүрчүмүн… Театр өнөрүнүн улуу реформатору Константин Станиславскийдин илимий-теориялык да, практикалык да эмгектерине кызыгуум күч болучу… А бирок күргүштөгөн турмуш дайрасынын кайсы бирине барып аралашаарым али күмөн эле. Күнү-түнү укканым классикалык музыка. Окуган жерим – опера-балет театры. Ышкындай […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Жүрөгү анын тоолордо

Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун 80 жаш кутман курак майрамына карата сүртүмдөр Анкета (байыркыча) Азыр кызматка кирээрде ар бир инсан анкета толтурат. Аны кээде «объективка» деп коюшат. Анда даяр суроолор, даяр жооп. Болгону ысымдары, туулган жери ж.б.у.с. гана ар бөлөк. Баары супсак. Мен жаңылбасам кыргыздын байыркы анкетасы, балким, төмөндөгүдөй болмок эле. Кеңеш Жусупов ким? – Уруусу: кыргыз. – Урааны: «Манас» – Туулган жери: Энесай. – Туулган жылы: Биздин заманга чейинки 201-жылдары биринчи кыргыз төрөлгөндө кошо төрөлгөн. – Билими: Кыргыз Руху Академиясын […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Ит атар

АҢГЕМЕ Ар шаршемби күнү экинчи сабактан кийинки чоң танаписте мектептин адаттагы «линейкасы» болор эле. Аны тарбия завучу Күкүн эжей өткөзүп, окуу, тазалык, тарбия боюнча жума жыйынтыгы чыгарылчу. Алдын ала дүйшөмбү күнү эле эжейибиз тазалык сектору менен бирдикте ич кийимдерди текшерип, кимден канча бит чыкса, фамилиясы окулуп, алар «линейкага» чыгарылып, катарга тизилген окуучулар алдында уяткарылчу. Бүгүн да баягы эле фамилиялар: — Туралиев Канжар, 5-«б» класс, үч бит, эки сирке, Туралиева Дамира 9-класс,  эки бит, Туралиев Тайырбек 7-класс, алты бит, бир сирке. […]