Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Уильям Рамзай жана инерттик газдар

Сэр Уильям Рамзай – өзү кесиби боюнча физик жана химик. Уильям Рамзай жөнүндө Нобель Комитетинин тыянагы: “Атмосферадагы ар түрдүү инерттик газдарды ачып, алардын мезгилдик системадагы ордуларын аныктагандыгын таануу үчүн». Уильям Рамзай 1852-жылдын 2-октябрында Шотландиянын Глазго шаарында туулган. Анын атасы инженер жана бизнесмен Уильям Рамзай жана энеси Катерина Робертсон. Таятасы Эдинбургда белгилүү врач жана ошол кезде абдан популярдуу деп эсептелген химия окуу китебинин автору болгон. Рамзай бала кезинен катуу деп эсептелинген пуритандык үй-бүлөдө чоңойгондуктан, адегенде дин кызматчысы болууну чечет. Бирок күтүүсүз […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Либералдуу демократиянын алгачкы сабактары

1992-жылдын август айынын башы. Бишкек шаары мени жаңы үй-бүлөм менен бирге өз бооруна дароо тартып алды! Укмуш! Мурда ушул эле жерди турактагандай болуп өтө эле оңой көнүгүшүп кеттик. Бул дагы өзүнчө эле терең сырдуу феномен. Эмдигиче мен үчүн түшүнүксүз! Балким, мен орто мектепти бүткөндө канча көксөсөм дагы Фрунзеге окууга атамдын оорусуна байланыштуу келе албай калып, өкүнүп жүргөнүмү эске алдыбы, Жараткан! Өзүм деле биле албай келемин! Иши кылып ыраазымын! Жумушка кирүү түйшүгү деле болгон жок. Мени сентябрь айынан баштап эле Жусуп […]

Хендрик Антон Лоренц жана Питер Зееман & Классикалык электрондук теория

Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндө баян Нобель сыйлыгынын экинчиси болуп, 1902-жыл үчүн нидерланддык физиктер Хендрик Антон Лоренц жана Питер Зееман экөө алган. Нобель Комитетинин корутундусу:“ Магнетизмдин нурдануу кубулушуна тийгизген таасирин изилдөө аркылуу илимге эбегейсиз чоң салым кошкондуктары үчүн”. Голандиянын атактуу физик-теоретиги Хендрик Антон Лоренц 1853-жылдын 15-июлунда Арнем шаарында төрөлгөн. Болочок окумуштуунун атасы Геррит Фредерик Лоренц (1822 – 1893) Велпа шаарына жакын жерде мөмөлүү дарактардан турган чоң бактын ээси болгон. Энеси Гертруда ван Гинкел (1826-1861) Утрехт провинциясынын Ренсвауде кыштагынан болгон. […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Альфред Нобель жана физика (уландысы)

Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндө баян Мурда жарыяланган бөлүгү: Альфред Нобель жана кайрымдуулук 2. Вильгельм Рентген жана анын атактуу нурлары Нобель Комитети 1901-жылы Нобель сыйлыгын немис физиги Вильгельм Конрад Рентгенге ыйгарганда төмөнкүдөй текст кабыл алган :“Өз атынан аталган эң сонун нурду ачып, илимге көрсөткөн баа жеткис кызматы белгиленсин”. Рентген деген сөз бизге бала кезибизден эле тааныш жана табышмактуу. Эмне үчүн тааныш? Себеби, ар бир медициналык кароодон өткөнүбүздө дарыгерлер рентген сүрөтүнүн негизинде ички органдарыбыздын абалын изилдеп, анан дарылоону баштайт. Айрыкча сынык, […]

Каныбек Осмоналиев элге керектүү эмгек жаратты

Оболу «Илим жана турмуш» түшүнүгүнө ой калчасак, окурман. Атам замандан бери каймактаган кара жер балбандын сыры, аалам ачкычы адам колуна кантип тийип калган? Ийе, тоба, адам мээси ачылыш жасабаган не калбады?.. Дагы даркан не шумдук, не ачылыштар болор?.. Ошол ачылыштардын ачкычын миллиондогон, миллиарддаган адамдардын арасынан чанда бир эле пенде таап чыгып, жалпы адамзат энчисине ме деп ыйгарып салганычы… Илим турмушка айланганы шол экен го. Сөз тизгинин шул жерден эле чукулдан кайрыйын энди. Шарт кайрыйын тизгинди. Болбосо илим жана турмуш жөнүндө […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Диний көсөмдөр Куранга шек келтирген президентке неге үн катпады?!

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев менен учурдагы кырдаал тууралуу баарлашуу… – Каныбек байке, биз бүгүн мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз деп ойлойсузбу?.. Менимче, мыйзамдык да, моралдык да жагынан алганда азыркы бийлик ушул эки баалуулукту тең тебелеп-тепсеп салгандай, кандай дейсиз? Дегеним, Башмыйзамдагы президенттин, парламент менен өкмөттүн милдеттери акүйдүн 7-кабатындагы бир ууч топтун эле өзүм билемдиги аркылуу аткарылып калды. Мындай көз көрүнөө жасалган саясый ыпластыкка чуу көтөрчү күчтөр да жок сыяктуу болуп туру, көтөрсө да коомго таасир этпей калганын эмнеден көрөсүз? – […]