Капар ТОКТОШОВ: Атанын уулу

АҢГЕМЕ Кеч күүгүм. Жалгыз ат чегилген арабада эки караан кетип барат, Ара-Талааны аралап. Абышка эски чөмөлөдөй үңкүйүп бүт дитин жолго койгон. Бала болсо жаңыдан чыга баштаган жылдыздарды санап убара. Эшпай-Коонун ичинен чаап-жыйнаган чөмөлөнүн улам бирине арабаны токтотуп, атасы ыргыткан чөптү тебелеп чоң ишке жарады бала. Ошого жетине албай кудуңдап келаткан кербези… Кайтып келатканда керкашка сый бастыбы же арабанын дөңгөлөгү арыкка кирип чыктыбы, чөп ооп барып оңолду. Аркандын учун кармоого үлгүрүп жыгылбай калды бала. Жүрөгү оозуна кептеле түштү. Көздөрү чанагынан чыкчудай […]

Капар ТОКТОШОВ: Жорокана кечтери

АҢГЕМЕ Бул отуруштар качан, кайда, кайсы жерде болгону эсте жок. Бирок сөз болгону, бажырашып отурганыбыз, анан да алиги асылдын аягына чыга албай азап чеккенибиз азыр да көз алдыда. Оо, андай кечтер арбын эле болду го!.. Ортодо асыл. Ал турганда, тоюс, ичке киргенде сөз дегениң чууруп чыга берет тура, чиркин!.. Ал бажырап айтып атат, мен унчукпай угуп атам. (Чынында андан башка айлаң барбы?) — Мен өзүм барецмин,- дейт. — Өзүң билесиң да Жапыке. (“Ооба, Таластын баары эле барец эмеспи» деп коём […]

Капар ТОКТОШОВ: Чапай чабыш

Мен төрөлгөн жылы колхозубуз совхозго айланып, ага-туугандарыбыз мага “Совхозбек” атын энчилейт. Атам болсо улуу уулу Айдарбекке уйкаштырып “Капарбек” каттатат. Чоң атам болсо чокуну карап “неберемдин аты Чапай болсун” деп азан айтып салат. Жаза тайып өтүп кетсем кайсы атыма бата багыштайт? Башым маң… Бешинчи-алтынчы каласста окуп жүргөн кезимде кыркынга чакырып калышты. Мен теңдүүлөр мурда барып жүрүшкөн экен, кой сүйрөп, жүн ташыгычтыкка бекип кетишти. Мен ишсиз калдым. “Кол жазмаң жакшы турбайбы, пресске тур” деп жүн таңгактатып коюшту. Жүндү сорт-сорту менен таңгактап, тышына […]

Капар ТОКТОШОВ: Темике терме

Ит доктур Темирбек Алымбеков досум анда-санда ачкыл азгырып темине койгону болбосо албан адам, балбан акын. Теминсе бир жумалап теминет. Анан аяшыбыз аркандап коёт. Жемсөөсүнө жем түшүп кеткенсип бир далайга канат какпай, “асыл” бар жерден айланып өтүп, “бөтөш” бар жерде бөгүп жүрөт андайда. Башкалар “теминет деген ушу” деп обу жок теминет ко?.. Темике баштаганда аста-секинден баштайт: ар кайсы камокко башын тыга калып элүүдөн эңшерет. Анан жүзгө көчөт… Ошентип тегерек-четин “мүлжүп” бүткөндөн кийин аркандагы аттай улам арылап “оттоп”, шаарды айланып түгөтөт буту […]